Comment Department of People's Daily

Си Цзиньпин: классикалык цитаталар жана сюжеттер. Экинчи китеп


Скачать книгу

трактаттын аталган бөлүмүндө төмөндөгүлөр сунушталат: «Жер участогунун ичинде шаардын өзү төшөлгөн, шаар сырткы чек менен курчалган, анын боюнда топурак коргон орнотулган болушу керек. Коргон бийик топурак жээктен түзүлүп, жерге арыктар казылат. Андан ары ойдуң жерлерге суу өткөрбөй турган дамбалар курулат, андан кийин гана шаарды ишенимдүү корголгон деп эсептөөгө болот. Топурак коргондун үстүнө тикенектүү бадалдарды отургузуу керек, алар бири-бирине кошулуп, коргонду бекемдейт». Башкача айтканда, шаардын чегинен тышкары шаарды суу ташкындарынан ишенимдүү коргоону камсыз кылуу үчүн сууну коргоочу дамбаларды куруу, суунун нугун буруучу каналдарды казуу жана башка курулуштарды кароо зарыл.

      ИНСАНДЫК ЖАКШЫРУУ ЖӨНҮНДӨГҮ БӨЛҮМ

      «Саясат – адамдын инсандыгынын уландысы». Сиз татыктуу адам болуп, мамлекеттик кызматта боло албасаңыз болот, бирок мамлекеттик кызматта туруп, ошол эле учурда моралдык нормалардан четтөө туура эмес. Мамлекеттик кызматта болуу биринчи кезекте татыктуу адам болуу дегендик. Татыктуу адам болуу үчүн жекече өркүндөш керек, бул принцип эзелтен бери өзгөрүүсүз бойдон калууда. «Адегенде жеке сапаттарды өркүндөтүү керек, анан үй-бүлөдө ынтымакты орнотуу; үйдө гармонияга жеткенде, мамлекетте тартипти калыбына келтириңиз; мамлекетте тартип орногондон кийин, Асман асты падышалыкта тынчтык орнойт». Бул принцип жеке жакшыртууга негизги орунду ачык-айкын берет. «Үч катаал, үч намыс» принцибинде жеке сапаттарды өркүндөтүүдөгү катуу талап да негизги орунду ээлейт. Башкы катчы Си Цзиньпин бир нече жолу жетекчи партиялык кизматкерлерден өз ишин катуу талап кылып, «пайдага азгырганда да жүрөк тайбасын, дүнүйө жыргалчылыгынын кымындай азгырыгында да көз тайбасын» деп талап кылган.

      Жашоо – бул моралдык жактан өзүн-өзү өркүндөтүү жолу дешет. Кадрдык партиялык кызматкерлер үчүн жеке сапаттарды жогорулатуу – бул дагы турмуштук милдет. Си Цзиньпин белгилегендей, партиялык билимди, идеологиялык аң-сезимди жана жетекчи партиялык кызматкерлердин адеп-ахлактык деңгээлин партиялык тажрыйбанын топтолушу жана кызматтык абалынын өсүшүнөн улам көтөрүлүү үмүтү менен кокустан калтырбоо керек. Адеп-ахлактык сапаттарды тарбиялоо жана өнүктүрүү өмүр бою тынымсыз аракетти талап кылат. Баштапкы этапта бул «ишенимге берилгендик, элге кызмат кылуу, мамлекеттик милдетти аркалоо, чоң жоопкерчиликти мойнуна алган эрдик, кристаллдык чынчылдык».

      Андан ары «Төрттө «бар» деген талаптарды аткаруу керек: «Жүрөктө партия бар, жүрөктө эл бар, жүрөктө жоопкерчилик бар, жүрөктө тыюу бар» деген талаптарга жооп беришиң керек. Жана акырында «берилгендик, моралдык тазалык, жоопкерчилик» сапаттарын калыптандыруу керек, анткени партиялык мыкты кызматкер болуу үчүн адамдын ички дүйнөсүн талыкпастан өзгөртүү, партиялык ан-сезимди чыңдоо, моралдык сапаттарды чыңдоо, адамдан дайыма партиянын Уставын жана партиялык нормаларды сактоону талап кылуу керек. Ар бир ирмемде өзүндүн жүрүш-турушуңа контролдук кылып, өзүн-өзү түшүнүп,