Comment Department of People's Daily

Си Цзиньпин: классикалык цитаталар жана сюжеттер. Экинчи китеп


Скачать книгу

таразалоо») эмгегинде айтылган. Ван Чун тирүү кезинде бүт күчү менен диний мистикага жана теологизмге каршы чыгып, материализмдин алгачкы теориясын иштеп чыккан.

      Ван Чун өзү жөнүндө ушундай дейт: «Мени жалган жазуулар жана негизсиз жазуулар капалантырат, ошондуктан «Лунь хэн» китебин жараттым». Ван Чун «Адам менен жогорку табигый күчтөрдүн өз ара аракети» концепциясын, апокрифтик жана төлгөөчү китептерди жана ырым-жырымдарды сынга алган сынчы болгон. Ал өз кезегинде «Илимдерди түшүнүүгө негизделген билим» жана «Чындыкты аныктоо үчүн угуу жана көрүүгө таянуу зарылчылыгы» теориясын алдыга койгон. Ван Чундун айтымында, «Жамгыр жааганда үйдүн чатырынан суу агып жатканын билүү үчүн үйдүн чатырынын астында болуш керек. Мамлекеттик бийликтин кемчиликтерин билүү үчүн айыл талаасында элдин арасында болуш керек. Канондук китептердеги каталарды билүү үчүн байыркы замандын улуу акылмандарынын эмгектерине кайрылуу керек». «Айыл талаасы» деген сөз карапайым элдин борборун билдирет. Демек, бул үйдүн жашоочулары жаан жааганда үйдүн чатыры агып кетээрин жакшы билишет; Бийлик саясатынын кемчиликтерин айтууга карапайым эл гана укуктуу; Канондук китептердин каталары байыркы замандын улуу даанышмандарынын чыгармаларын окуганда айкын көрүнүп турат.

      Элдин колдоосуна ээ болсоң, мамлекетке ээ болосуң, элдин колдоосунан айрылсаң мамлекеттен ажырайсың.

      Цитата «ККПнын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына арналган салтанаттуу заседаниеде сүйлөнгөн сөздө» жана башка бир катар эмгектерде келтирилген.

      ТҮШУНДҮРМӨ

      «Эл» кытайлык коммунисттер үчүн ар дайым эн маанилүү сөз болуп кала берет. Акыркы 90 жылдын ичинде партия салттуу түрдө эл тарабында болуп, муну өзүнүн принципиалдуу саясий позициясы катары эсептеп келген. Партия карапайым эл менен бир кайыкта, жамгырда да, шамалда да, кандай гана оор сыноолор болбосун, карапайым эл менен кан тамыр байланышын сактап турат. Мына ушул байланыштар бардык кыйынчылыктарды жана коркунучтарды жеңип чыгууда партиянын аскердик жеңиштеринин негизги кепилдиги болуп калды. Си Цзиньпин бул чындыкты жөнөкөй, бирок мааниси өтө терең: «Элдин колдоосуна ээ болсоң, мамлекетке ээ болосуң, элдин колдоосунан айрылсаң мамлекеттен ажырайсың» деп айткан.

      Партиянын XVIII съездинен кийин элдин жетекчи ролунун идеологиясы, элдин атынан бийликтин чындыгына ишенүү, элге кызмат кылуунун баалуулугу прогресс жолу менен алга карай кыймыл өлкөнүн бардык ишмердүүлүгүнө толук кандуу сиңип калды. Бир жагынан, элдин жыргалчылыгынын өсүшү, адамдардын инсандык өнүгүшүн тездетүү, өлкөнун өнүгүшүнүн артыкчылыктарын социализациялоодон тартып, социалдык адилеттүүлүктүн идеяларын орнотууга чейин, алынган кирешелерди бөлүштүрүүдөн тартып кеңири чаралар, калктын бардык катмарларынын арасында жакырчылыкка каршы согуш жарыялоого чейинки реформалар мамлекеттин өнүгүү процессинин жалпы улуттук мүнөзүн көрсөтүп турат. Экинчи жагынан, партиялык этиканын «деталдарын» жакшыртуу боюнча