Айгүл ШАРШЕН

Сезимдер карыбайт


Скачать книгу

калды, буйруса ага дагы жакында өз алдынча трактор бергени жатат ээ, аке? – деп Узак баятан бери унчукпай отурган Өмүрбекти карады.

      – Ооба, беребиз деп жатышат, – деди ал үңкүйгөн калыбында.

      – Экөөлөп иштеп, атама жеңилдик кылгыла, – деп Кумарбү да жер карай унчукту.

      – Биз дагы чоңойсок иштейбиз да, – деп Кубат эдиреңдеп калды.

      – Сөзсүз иштейсиңер, атамдарды чогуу багабыз.

      – Мен окуйм, колхозчу болбойм, – деди Мурат мурдун шуу тарта.

      – Мейли, бир үйдөн бирөө окумуштуу болсо ажеп эмес, – деп Кумарбү күлүп койду. Андан кийин орун салып баарын жаткырышкан соң Тумарбү экөө өз бөлмөлөрүнө кирди.

      – Эже.

      – Ийи.

      – Сизге Жакин аке жактыбы?

      – Аны эмнеге сурадың?

      – Атам аны күйөө бала кылам деди го?

      – Айта берет, бир көргөн немени жакты же жакпады деп айтыш кыйын, анын сага эмне кереги бар, жатып укта.

      – Атамдар эртең келеби?

      – Той бүткөндө келет да.

      – Тайкем аябай бай го, тойду бир жума береби?

      – Бир жума той берген илгери болчу экен, азыр андай чоң той бергенди өкмөт жактырбайт, тайкем партия болгон соң ишинен алып коюшу да мүмкүн, – деп Кумарбү уккан-билгенин божурап берди. Бир убакта Тумарбү ары карап жаткан бойдон унчукпай калды, уктаса керек. Кумарбү көпкө ойлуу жатты, «Өмүрбек кызык, эми эмне болот? Атамдар укпаса экен, эси жок десе, биздин бири-бирибизге өмүрү кошула албасыбызды кандай түшүнбөйт? Эгерде таежем тирүү болуп, мени келин кылып алам десе, анда иш башкача болмок. Экөөбүз бир туугандай урушуп-талашып өссөк, атамдар өз баласындай карап багып отурса, анан кантип сүйүүнү кеп кылууга болсун. Эгер сүйүү ошондой эле ыйык болсо бизди кечирсин, чынында мен өзүм дагы Өмүрбекти жакшы көрчү эмес белем, бирок мен ал сырды өмүрүм өткөнчө жүрөгүмдө гана сактоого тийишмин. Сүйүү жөнүндө сурагандарга сүйүүнүн ыйыктыгын, назиктигин айта алам, жүрөк түбүндө аздектеген адамым бар экенин айтам», – деп, жаны жай албай түйшөлүп жата берди. Эртеси түшкө жуук Сарыбай менен Уларкан келишти. Балдары алар алып келген тойдун кешигин жеп, бапырап жатышканда:

      – Ата, той кандай өттү? – деп Кумарбү атасына кайрылды.

      – Сонун өттү, тайкең өзү сельсовет, партийный киши да, ашыкча каада-салтты жасатпай тынч өткөрдү.

      – Антпесе дароо үстүнөн чагым түшөт, элдикин жеп жатат, кызматынан пайдаланып жатат деп эмеле чыгышар, – деп Уларкан сөзгө аралашты.

      – Ии, иши кылса баары жакшы болсо болду, – деп койду Кумарбү.

      – Сени сурады тагаң, ала келбейт белеңер, чоңоюп калды, жакшы жерге бербесек болбойт, кыздын эртеңкисин ойлогула деп катуу дайындады. Кыязы тагаң дагы сага күйөө таап койгон го? – деп Уларкан күлдү.

      – Эмне эле мени күйөөгө бере албай жатасыңар, убактысы келсе көрөөрмүн, пешенеме жазганын, – деди Кумарбү тултуңдай.

      – Сенин убактың келди, кызым, жакшы жерден куда күтүп, маңдай жарыла кубанып, сенин бактылуу болгонуңду көргүбүз келет да. Барган жериң жакшы болсо биздин дагы коңшу-колоңго