Кадыр Абакиров

Бабалардын жанырыгы


Скачать книгу

кийин Хан жааны кармалап көрүп жатты. Жааны жебеси менен кыргыздын укмуш усталары жасаган эле. Аны көрүп хан таң калды. Бир жебени кармап асманга атып көрдү. Жебеден зыңылдаган үн чыгып алыска узап көздөн кайым болуп жоголду. Анын каякка кеткени да белгисиз болду. Кытайдын жибек шайысына оролгон ак боз аттын башы куюп жазалган алтынды Единал Жучуга карматты. Жучунун жанындагылар алтында көргөндө укмуш нерсени көргөнсүп көздөрү чачырап жатты. Эң аягында касиеттү булгундун терисинен жасалган ичкти Жучунун үстүнө жаап, башына кундуз тебетейди кийгизишти. Хан кадимки эле кыргыз ханына окшош болуп калды. Ичик менен тебетейди кыргыз эне уздары укмуштуудай ченегендей жазашыптыр. Жучу өз кебетесин көрүп аябай ыраазы болуп, жаадырап күлдү. Беркилер да кошо күлдү. Эми куш тапшыруу аземине келди. Жучу жанында куштун кол кабын кармаган дөөдөй болгон эки мүнүшкөр турган эле. Алар кол капты Ханга беришти. Хан кол капты кийип кушту алганга аракет кылды. Жарыктык ак куш «мени кимге берип жатасыңар»-деп аянычтуу шаңшып жиберди. Хан жакшы көрүп касиеттүү кушту башынан сылап эркелетип аны узакка таң калуу менен карап турду. Экинчи кара кушту да тапшыруу ушундай абалда болду. Кара кыраан ханга көп каршылык кылган жок. Хан аны көпкө карап жаадырай эркелетип турду. Хан куштарды мүнүшкөрлөргө берди алар кушту алып бир жакка кетишти. Баардык белектерди хан ыраазы болуу менен алды. Жучу баардыгынан кыргыздын курал жарактарына таң калды. Кан күсөгөн монголдор кыргыз усталарын курал жаракты жасатып ал монголдун жоокерлеринин колуна тийип, далай жерге бүлүк салаары азыр эле белгилүү болуп калды.

      Жучу:

      – Ыраазыбыз силерге шибелер, курал жарагыңар менен бизге кошулгула, силерди биз коргойбуз, биз турганда силерге эч ким кол сала албайт.

      Ханга кошомат кылып анын жанындагы кишилер айтып жатты:

      – Ыраазыбыз шибелер.

      – Алар биздин жоокерлер.

      – Биз аларды коргойбуз.

      Жучу жанындагы адамдарга буйрук берип, өзү жанагы келген чатырынына карай жөнөп кетти.

      Эки жигит кыргыздарды чоң боз үйлөргө ээрчитип келип аларды алты-жетиден бөлүп, ар бир үйгө эшик ачып киргизип жатышты. Алардын минип келген аттарды монгол жигиттери бир тарапка жетелеп кетти. Кыргыздар жакшы жасалган чоң боз үйлөрдө отурушту. Олобектин жанында Нуркебай деген көзү ачык бар эле. Олобек ага кайрылды:

      – Көзү ачыгым, булардын тагдырын далыга, жылдыздарга карап байкап көрчү келечеги эмне болоор экен.

      – Байкап көрөйүн бегим мен дагы ошону ойлонуп жаттым эле.

      Алар боз үйдөн тамак ичип эс алып жатып калышты. Тамагы бир укмуш экен көпчүлүгү жылкынын эттери. Дасторкондо ар түркүн жер-жемиштер жайнайт. Набат, жүзүм деги койчу кыргыздар билбеген тамак аштар. Андан башка дагы айнек ийдиштерде ар түркүн суусундуктар бар эле. Аларды ичип көрүштү эле ачуу арак экенин билишти. Ошентип элчи кыргыздар монголдордун укмуш сыйын көрүп жатышты. Минип келген жылкылары бир ишеничтүү жерде экен. Өздөрү монголдордун иштери жөнүндө сүйлөшүп киришти. Монгол ханынын баласы баатыр чалыш Жучуну көзүн эми анык көрүштү. Олебектер