Кадыр Абакиров

Бабалардын жанырыгы


Скачать книгу

бетме-бет келген жактан башталбай башка тараптан башталып, монголдордун жоокерлери ошол жерден жарып кирип катуу чабуулду баштап жатты. Туматтардын жоокерлери бат эле алсырап ары карай кача баштады. Душмандардын алсызданып калганын билип, хан күчтү ошол жакка топтоп, чабуулду баштап коргонууну уюштурду. Хандын ачыгып калган жоокерлери туматтарды майкандап, кара сүргүн, кызыл кыргынды баштап кирди. Бирок туматтын жоокерлери колунан келишинче каршылык кылып, ошенткен менен алдырып жибергени белгилүү болду. Күчтүү Жучунин колу бат эле туматтарды кызыл кыргын, кара сүргүн кылып майкандап таштады. Туматтар такыр эле баш көтөрө албай калып, алардын жерине каран түн түшүп, ат өлүгү тоо, эр өлүгү боо болду. Курган туматтар мындай кырылган жок эле. Алардын ыйык желеги тепселип жерде калып, ошол эл жашаган аймакта карга, кузгун карк-курк этип учуп жүрдү.

      Жучу Баргулдун кунун кууп, эми калган урууларга кол сала баштады. Каардаган Жучу Темүчүндүн буйругу боюнча кыргыздарга кол салып майкандап кирди. Алар токойлорго, ар кайсы жактарга качып жоголду. Жучу башка урууларга дагы кол салганы кетти. Ошондо Ырыскан аман калган кыргыз элин байыркы убакта жашаган «Теңир Тоого качкыла» деген осуятын айтып жатты.

      Каардуу жоодон жок болуудан коркуп, кыргыздар душманга көрүнбөй кара жанын сактап калыш үчүн Теңир-Тоого карай тербип жөнөй башташты. Алар түн жүрүп, күн жүрүп отуруп айрымдары ыйык тоого сапар тартып келишти. Бул кезде Чынгыз хандын жоокерлери бул жакка келе элек эле. Кыргыздар бул тарапты конуштап, өздөрүнүн тектеш урууларына жолугуп бир топ чыңалып алды. Бирок Чынгыз хандын баскынчы жоокерлери ушул аймакка да келеери шексиз эле. Алар жолдогу душмандарын талкалап отуруп, Теңир Тоого келаткан болчу. Ошол кезде кыргыздардын эң коркунучтуу душмандары калмактар болгон. Алар монголдордон качып Теңир Тоону ээлеп алууга аракет кылып жаткан.

      Долон бий аскер өнөрүн билген мыкты уюштургуч сапаты бар эле. Душмандарга каршы ар кандай даядыкты көрүп жатты. Кыргыздар ошентип эки оттун ортосунда калды. Калмактардын жана келе жаткан монголдордун чабуулуна тушуга турган болду. Монголдор өтө ырайымсыз кан ичеер болгон алар кыргыздарды кылыч, найза курал жарак жасаттырып алар менен душмандарына каршы согушуп турган. Ошондой эле кыргыздардан жоокер курап аларды эң алдыңкы сапка тизип жоого каршы жиберген. Катуу согушта байкуш кыргыздар көп кырылып такыр бири калбай жок болгон учур да кездешкен. Ошол үчүн монголдордон такыр күдөр үзүп, аларга кыргыздардын дити агарбай калган.

      ЧЫНГЫЗ ХАНДЫН ТҮПКҮ ТЕГИ КЫРГЫЗБЫ

      Жапыз тоонун түшө калышынан бери шиберлүү аймак созулуп, чөбү чыктуу келип малга тоюттуу ушул жерди Эрке Харанын боз үйү андан башка тайшит урусунун адамдары жанаша конгон. Булардын ичинен байы эле ушул Эрке Хара. Анын көптөгөн төрт түлүк кой, эчки, уй, өгүз, жылкы жада калса, бийик тоолордо сан жеткис топоздору жайнап жайылат. Бул жердегилер Эрке Харага баш ийет. Анын бир канча кул-кутандары бар. Аймакта көптөгөн адамдар жашап, алардын арасында Борчунун үй-бүлөсү да бар. Ал сөөк-саактуу боюу узун далдагай адам. Анын ата-бабасы