сары жүздүү жана көздөрү көк эле. Эркектери сөйкө тагынып кооздонуп алышкан. Токойу жок күнөс жерге таруу, арпа, буудай эгишчү. Байлары кыз алганда калыңды көп төлөшкөн. Шибелер кытайдын соодагерлери менен байма-бай байланышып аларга аң терилерин берип, башка бир керектүү буюм менен алмашып алып турушкан. Шибелердин колдорунда найза, ай далыда жаадан коргонуучу калкан, башында ок тосуучу шуңшуйган тулга, сол капталында кылыч салмактуу чоң жаа, шыгырылган жебелер батырылган саадак. Ошол шибелерди Ажо башкарып турган. Анын туугандары өтө бай болуп, Миң Суу өзөнүн жана улуу дайра (Улуу кем) Эне Сайдынжээгинде жашоосун өткөрүп турушкан. Ушул журтта Уткул деген адам болуп, анын эки баласы аялы жана көптөгөн малы болгон. Уткулдун Маалик деген алп узун бойлуу, өңү сары жездей сап сары уулу бар эле. Ажонун жакын туугандары Уткулдун байлыгын көрө албай жигиттерин жиберген. Анткени каардуу Ажо менен кармашкысы келбейт. Себеби, анын колунда бийилик жана тандамал жоокерлери болгон. Ошентип Ажолуктар Уткул байдын малын уурдап ага тынчтык бербей койду. Ошондо Уткулдун уулу Маалик намыздана баштады. Ал Ажону жок кылып же анын малын уурдап, өз намызын алгысы келет. Атасы муну билип:
– Уулум кой, шайтандын куйругун баспа, бир балакетке калбайлы. Ал кекчил эч нерсеге көнбөгөн таш боор пенде Уткул туура айтты. Ажо эң эле каардуу эч кимди аябаган пенде болчу. Бул жердеги уруулардын өзүнчө закону бар. Эгер ууру кылып элге-журтка тынчтык бербей койсо, аны өлтүрүп, баш сөөгүн атасынын же бир туугандарынын мойнуна тагып коёт. Бул эң каардуу закон. Анын бети курусун кудай бербесин. Ал бир канча жыл уурунун сөөгүн мойнуна тагып жүрүп азапка батат. Кыргызда бир канча адам ошондой болуп жүрөт. Уткул карыя ошону ойлоп санаасы санга бөлүнүп, эгер Маалик ошондой тагдырга жолугуп калса эмне болот. Ата баласына көп жолу эскертти. Бирок баласы болбой эле уурулугун уланта берди. Ошол күнү Маалик бир нерсени ойлоп турду. Ажонун миң булак өзөнүндө жыйырма үйүрлүү жылкысы болгон. Ал эмнегендир жаны жай албай тынчы кетип, ала күүгүм кезде Ала туяк атын минип келатты. Ал Ажонун жылкыларына жакындап, бир жылкычыга чалма ыргытып кармап күч менен күргүчтөтө коого карай сүйрөдү. Ошол кезде адамдын арасында жашынып жаткан үч жигит чапкан тейден барып, Мааликти колго түшүрүп алууга аракет кылды. Маалик ойлонду булар үчөө эле экен аларды жеңүүгө болот деди. Үч жылкычы Мааликти аттан сүйрөп түшүп, колу бутун таңууга аракеттенмей болду. Ууру койнундагы токмогун алып чыгып эки жылкычыны башка берип-берип калды. Катуу нерсенин уусубу жылкычылар ошол жерден аттан торок кулап түшүп жан берди. Эми бир жылкычыны оңой эле жеңмек, сааттай болуп, ары жактан дагы төрт жылкычы аттарын сороктотуп чаап келип ууруга аргамжы ыргытып мойнун муундура тарта жерге түшүрүп буту колун байлап, Ажонун үйүнө алып келип жыгач үйгө камап салышты. Баарынан ууруга эки жигиттин өлгөнү жаман болбодубу. Кыргыздар ууруларды өтө катаалдык менен жасалоочу. Ажо ойлонуп жатты муну эмне кылсак өлтүрүп баш сөөгүн атасынын мойнуна тагып койсок кандай болот. Бирок бул ойдон баш тартты. Уткулдун