жеңиштерибиз айгинелеп жаткан жокпу? Биз өз мекендештерибиздин тарыхты таң калтырган эрдиктери менен өз Ата мекенин жексур душмандан бошотуп, андан ары Европанын элдерин да азаттыка чыгаруу миссияны аткарууга бекем ишеничте экендигин көрүп жатпайбызбы. Арийне, бул үчүн дагы канча катаал кармаштарга түшүп, канча асыл адамдарыбыздан айрылууга туура келет. Бирок, биздин ишибиз адилет. Жеңиш биздики болот! Жеңиш үчүн эбегейсиз эрдиктерди көрсөткөндөр да, Ата мекен алдында антын өтөп, кан-жанын бергендер жана курман болгондор да даңкка бөлүнүп, элибиздин урмат-сыйына татыйт! -деп айтчу.
Дал ушул идеялар астарында жаткан өз катын агасынын жеңил ойго жетеленип, калпыс кадамдарды жасабоосун өтүнгөн саптар менен аяктаган. Ал сенин алтын башыңдан аман калгандыгы баарынан артык, ал эми согуш майыптарына карата аздек мамиле, камкордук дайыма өкмөт менен партиянын көңүлүнүн борборунда болот деп ишендирген. Арийне, мындай моралдык колдоо, болгондо да өзү фронтто жүргөн эң жакын адамыңдан болсо, эркти чыңап, жаман ойлордон арылтары бышык эле. Ошол эле мезгилде Кулназар майыптын бир тууганы, аскердик саясий жетекчи катары Маматалы кызмат өткөн бөлүктүн командирине аны эптеп туулган жерине жеткирүүгө көмөктөшүүсүн, кароосуз калтырбоосун өтүнгөн атайын кат менен да кайрылган. Бул дагы өз таасирин тийгизбей койбогон чыгар-буттун башындагы жараттар бүтүп калганда Маматалыны атайын бир медсестра коштоп, өлкөнүн экинчи четинен атайын айылына алып кетет. Мына ошол жароокер шыпагер бийкеч тапшырылган адамы аягына туруп, саптама буттары менен басканга чейин таштап кеткен эмес. Албетте, «жаңы буттар» менен басууга машыгуу, көнүгүү оңойго турбагандыгын саймедирөө кажетсиз. Бирок, ушундай эле Маматалыда баягы Кулназардын катындагы «өлкө өз каармандарын кароосуз калтырбайт жана камкордукка алат» дегенинде эч калет жоктугуна дагы бир жолу көзү жетет…
Конец ознакомительного фрагмента.
Текст предоставлен ООО «ЛитРес».
Прочитайте эту книгу целиком, купив полную легальную версию на ЛитРес.
Безопасно оплатить книгу можно банковской картой Visa, MasterCard, Maestro, со счета мобильного телефона, с платежного терминала, в салоне МТС или Связной, через PayPal, WebMoney, Яндекс.Деньги, QIWI Кошелек, бонусными картами или другим удобным Вам способом.