Кубан Чороев

Манифест. Кыргызстандагы насыя алуучуларынын укугун коргоо элдик кыймылынын манифести


Скачать книгу

аппараты Улуттук банкка, Каржы министрлигине, Экономика министрлигине «бул сунуш боюнча экономист Чороев мырзага жооп бергиле» дегенден башка эч нерсе жасаган жок. Ал эми Улуттук банк эки жолу мени менен жолугуу өткөрүп, «талкуу өткөрсөңүз биз ага катышабыз, бирок биз өзүбүз бул маселени көтөрүп чыга албайбыз» деп тим болду. Бул маселе боюнча бүгүнкү күндѳ Улуттук банк өзүнүн ачык позициясын көрсөтө алган жок.

      «Улуттук банк жөнүндөгү» мыйзамда ал кыргыз экономикасынын кызыкчылыгына, анын өсүшүнө иштейт деген бир да сөз жок, ал мыйзамда сомдун туруктуулугун кармайт деген эле жобо бар. «Улуттук банктын активдери мамлекетке карабайт, Кыргыз Республикасына тиешеси жок жана Улуттук банк мамлекеттин милдеттенмелерин бѳлүшпөйт» деп, ташка тамга баскандай кылып, бизге Дүйнөлүк валюта корунун юристтери жазып берген. Ошондой эле Улуттук банктын ишмердүүлүгүнө эч ким кийлигише албайт, анын резервдерин Эсептөө палатасы текшере албайт, Башкы прокуратура эч бир кылмыш ишин козгой албайт. Сиздер массалык маалымат каражаттарынан Улуттук банктын башкаруучу кызматкери туура эмес валюталык интервенция кылып коюп, Башкы прокуратура тарабынан иш козголду дегенди уктуңуздар беле? Бул жагынан караганда Улуттук банк өзүнчө мамлекеттин ичиндеги мамлекет, булар өз «түшүнүктөрү» менен жашашат. Бул орган бир гана Дүйнөлүк банктын, Эл аралык валюта корунун директиваларын так жана ийкемдүү аткарат, анткени мыйзамдар менен өзүлөрүн ошондой бекемдеп алган. Улуттук банк алардын колундагы «куурчак» десек жаңылбайбыз. Анткени, өзүңөр байкагандай, Улуттук банктын акча системасы канчалык мамлекетке с[битая ссылка] ырттан акчалай жардам которулган сайын эл ошончолук кыйналгыдай системада түзүлгөн. Кыргызстанда инфляция жана девальвация болуш үчүн кыргыз өкмөтүнүн эсебине акча которуп коюу эле жетиштүү, калган ишти Улуттук банк өзү бүтүрөт.

      Кыргызстандагы эң биринчи бийлик бутагы бул – президент эмес, өкмөт эмес, Жогорку Кеңеш эмес, Жогорку Сот эмес, биринчи эң таасирдүү жана эч кимге көз каранды эмес бийлик бутагы бул – Улуттук банк. Ал ар бирибиздин чөнтөгүбүздѳ жаткан сомдун кунун аныктаган бийлик бутагы, бирок анын кунун жоготсо да жоопко тартылбайт. Бирөө миң сомуңуздун жүз сомун уурдап алса, ал кылмыш жоопкерчилигине тартылат, туурабы? Улуттук банк сомдун кунун каалагандай калчап, элдин мээнетин жеп жатса да, ал жоопко тартылбайт. Ага андай «укук» мыйзам менен бекитилген. Айтыңызчы, президент же өкмөт башчысы, эч ким менен кеңешпей, сурабай, талкуулабай туруп, 516 млн. долларды бир жылда корото алабы? Ал эми Улуттук банк аны кылат жана эмне үчүн кылганын, кайсы банктарга, кайсы курста, эмне үчүн дал ошол банкка сатканы жөнүндө отчет берүүгө милдеттүү эмес жана ал үчүн жоопко да тартылбайт.

      Араб мамлекеттеринин мисалы Кыргызстанда ишке ашабы?

      Бүгүнкү күндѳ кыргыз бийлигинде жана коомчулугунда эки маселе турат. Биринчиси – бул Улуттук банкты жана анын активдерин улутташтыруу, мыйзамдарга өзгөртүү