Кубан Чороев

Манифест. Кыргызстандагы насыя алуучуларынын укугун коргоо элдик кыймылынын манифести


Скачать книгу

курсун мурдагы деңгээлге кармап турууга болгон аракетинен майнапсыз болуусуна алып келди. Бул болсо биздин валютанын баалуу-лугун сактап калууга болгон Улуттук банктын мүмкүнчүлүктөрүнө күмөн саноолорду пайда кылды» -деди ал.

      «Чет ѳлкѳлүк инвестициялар дайыма саясий гана эмес, экономикалык дагы туруктуу ѳлкѳлѳргѳ тартылышат. „Валюталык башкаруу“ системасына ѳткѳндѳн кийин, инвесторлор сом девальвация болбосуна ишенип, капиталдарын коркпостон биздин финансылык институттарга салганга жакшы жагдай түзүлѳт. Бул экономиканы монеталаштыруу коэффициентинин жогорулоосуна алып келет, башкача айтканда, экономиканын акча менен, демек, инвестициялар менен дагы камсыз болуусуна алып келет. Кыргызстандын коммерциялык банктарындагы насыялар боюнча жогорку үстѳктүк чендердин башкы себеби- биздин экономиканын монеталаштыруусунун тѳмѳнкү деңгээли» -деп кошумчалады К. Чороев.

      Белгилей кетсек, жакында болгон орус рубли менен казак теңгесинин девальвациясы кыргыз сомуна дагы таасирин тийгизгени, доллар көтөрүлүп кеткени, бул болсо өлкөнүн саясый жана экономикалык кырдаалына терс таасир тийгизгени ЖМКларга жарыяланган.

      «Кабар-Пресс» мамлекеттик маалымат кызматы

      «Долларга болгон көз карандылыгыбыздын себеби-туура эмес акча системасын тандап алгандыгыбызда»

      Бишкек, 4-январь, 2016 /Дайырбек Мейманов- Кабар/. «Экономикабызда бүгүнкү күндѳ ѳтѳ оор кырдаал жаралды. Ал эми экономиканын тамырын акча системасы түзѳрү белгилүү. Биз ѳзүбүздүн экономикалык кызыкчылыктарга жооп бербеген акча системасын 24 жыл мурун эле тандап алганбыз. Биздин ѳнүкпѳй келе жатканыбыздын негизги себеби – ушул тандап алган туура эмес акча системасы» -деди «Кабар» агенттигине экономист, эксперт Кубан Чороев.

      Анын айтымында, Кыргызстандын бүгүнкү валюталык курсунун режими бул «эркин сүзүүчү валюталык режимге» кирбейт, ал Дүйнѳлүк валюта фондунун (МВФ) классификациясы боюнча «башкарылуучу режим» болуп эсептелет.

      «Биз бул режимден кетишибиз керек да англисче „currency board“ деп аталган „валюталык башкаруу“ режимине ѳтүшүбүз керек. Мында экономикабыздагы сомдун массасы толугу менен Улуттук банктын резервине байланып, сомдун курсу АКШ долларына бир курс менен мыйзам боюнча бекитилет. Ошондо гана сомдун курсу экономикабыздагы башка факторлордон мисалы импорттун, экспорттун кѳлѳмүнѳн, мигранттардын акча которуусунан, инвестициялардан, же болбосо кошуна Россиянын рублинин жана Казакстандын тенгесинин девальвациясынан кѳз карандысыз болуп калат. Экономиканын долларлашуусунун жана АКШ долларына болгон талаптын деңгээлинин төмөндөөсү бир гана „валюталык башкаруу“ системасында ишке ашат. Топтоонун каражаты катары сом бардык мүнөздөмөлөрү боюнча АКШ доллары менен барабар болуп калат, демек, жарандар өздөрүнүн бардык долларлык топтоолорун сомго алмаштырып алышат» -деди ал.

      «Бүгүнкү күндө калктын колунда доллар менен канча суммадагы накта акча бар экендиги белгисиз, бирок бул