Улукбек Чиналиев

Кетменчиден элчиликке чейин


Скачать книгу

н көрүп, аттиң дейсиң. Арийне, илим, билим, тарых, саясат, адабият же искусствону изилдөөчүлөр үчүн кийин-кийин биз сөз кылып жаткан каттар, эскерүүлөр, мемуарлар сөзсүз түрдө табылгыс таберик, өз мезгилинин атмосферасын чагылтып берер баалуу документ болуп берерин таназар албай келебиз.

      Ал эми колуңуздардагы бул китеп ошол келемтени толуктабаса да, бирок башкаларыбызга эскерүү же мемуар жаза жүрүүнүн маани-маңызын туюнта турган эмгек болгонуна көңүлүбүз курсант. Китепте албетте, жеке бир үйбүлөнүн тагдыры туурасында гана кеп болбостон, "бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун сөөгү зыркыраган" өңдүү; жалпы улутту кыйгап өтпөгөн большевиктик бийликтин өкүмзордугу жана репрессия жылдарындагы адилетсиздиктин жел аргысы келечек муунга да кабар берер эскерүүлөр тарых таразасына салынат.

      Өткөн доордогу коллективдештирүү жараяны күрдөөлдүү уланган мезгилдеги калкыбыздын башына түшкөн жапа жабыр кыйынчылыктар китептин автору Улукбек Чиналиевдин эскерүүсү аркылуу ата-энеси башынан кечиргени эң оор мезгилдер баяндалат. Ошондой эле чоң атасынын эскерүүсүндөгү орус оторчулугундагы Кыргызстандын Орусияга кошулуу доору кыскача камтылат жана атасы Чыналиев Кожомжардын репрессияланып кеткен жылдарындагы үйбүлөлүк кыйынчылыктар баяндалып, китептин автору өзүнүн киндик каны тамып, кири чайкалган түштүк жергесинде-ги балалык күндөрүндөгү чийедей кезинен тартып пахта терим мээнетине аралашып, колунан кетмен түшпөгөн кези сөз кылынат.

      Китепке кирген эң кызыктуу жагдайлардын бири – Саяк уруусунун манабы Рыскулбектин Чүй аймагындагы отряддын башчысы M.Г.Черняевден саяктарга Орусия букаралыгын берүүнү сураган өтүнүч каты келтирилет. Катта: «Ак-Мечеттин, Түркстандын, Чымкенттин, Пишпектин жана Токмоктун башчыларына таазим кылуума күбө өтүү менен суранам, – деп башталат кат: – Мен, Рыскулбек, Анжиян менен Кетмен-Төбөнүн ортосунда көчүп-конуп жашаган 9000 түтүн саяк уруусун башкарам. Ушул катта өзүм баш-карга эл менен кошо Ак падышанын букаралыгына өтүүгө каалоомду билдирем. Бул өтүнүч кабыл алынса, мага билдирип койсоңуздар, мурдагы көчмөндүк жеримде жашоомду улантып, падышага жана силерге кызмат кылам. Кетмен-Төбө жери эзелтен бери мага таандык жана мен ал жактан эч жакка көчпөйм. Сарыбагыш менен Солто 2 жылдан бери мени кысымга алышууда. Эгерде сиздер кат жөнөтсөңүздөр, алар мени кысымга алууга даай албай калышат.

      Кат чындык экенин ырастоо менен оберквартирмейстер полковник Бабков».

      Кат соңунда автор минтип белгилейт: "Кыргыз жерлери Орусиянын курамына киргенден кийин феодалдык келишпестиктер, үй кулчулугу жоюлуп, уруулук бөлүнүүлөрдүн эски калдыктарына катуу сокку урулду. Кыргыздар XX кылымга чачыранды, бөлөк-бөлөк болуп, өз мамлекети жок кирди. Кылымдын ортосунда ээ болушкан мамлекет түптөө тажрыйбасын жоготуп алышты".

      Сөзүбүздүн башында каттар, эскерүүлөр, мемуарлар өз кезеги келгенде сөзсүз түрдө табылгыс таберик, өз мезгилинин атмосферасын чагылдырган баалуу документ болуп берерин баса белгилегенибиздин себеби: кыргыз коомунда жазуу өнөрүн өздөштүргөн мамлекеттик ишмерлерибиз да, саясатчыларыбыз да саналуу. Ал тургай жазуучу, акындар арасында да күндөлүк же эскерүү жазуу жөрөлгөсү калыптанбай келет…

      Ал эми Улукбек Чиналиев агабыз өзүнүн дипломатиялык өмүр жолу туурасында баяндап берген бул эмгеги – жеке анын үйбүлөсү же жакындары үчүн гана эмес, жалпы окурмандар арасында да кызыгуу жаратарынан күмөнүбүз жок.

Олжобай Шакир

      Кетменчиден элчиликке чейин

      Жалал-Абадда болгонумда көзгө тааныш жерлерди эсимде калганы боюнча мурдагы калыбына салам. Алар эскерүүлөрүм менен тыгыз байланыштуу.

      Ошол көчөлөрдү, булуң-буйткаларды, сейил бактарды аралап жүрүп, жандай өтүп бараткандарга, ата-энем менен чогуу жашаган үйүмдүн каршысындагы кошуналарыма көз салам, бирок эч кимди тааныбайм, ошол өткөн күндөрдөн эч кимди таппайм. Өткөн мезгил дайыма азыркыбыз менен байланыштуу. Жашоодо эч нерсе жөндөн жөн болбойт жана жөн эле биротоло жок болуп кетпейт. Жарым кылымдан кийин өзүмдүн короомо кирип, балалыгымдан кичинекей ка-бар болуп тапчанда отурган аксакалды көрдүм. Шаар бул дүйнөдөн бөлүнүп, жакыр, кайгылуу болуп калган жылдарды эскерип отурдук. Экөөбүз бирдей тааныган адамдарды, туугандарды эскердик.

      Ал өзүнүн балдары тууралуу кеп салып берди, бирөө өзү менен турат экен. Мен тууралуу гезиттер аркылуу билерин айтты. Жубайы короону, үйдү, бак-шагын көрсөттү. Мурдагы үйдөн жарым кылымдан ашык мезгил мурун курулган короонун дубалдары гана калыптыр. Кебетеси суук, көрксүздүгү менен кайталангыс, ошентсе да, качанкы өткөн мезгилдерден эстелик катары артыкча эле. Жылдар… тагдыр ар бирибизге белгилүү бир жылдарды белгилейт. Атам тирүү, апам али жаш болгон ошол 60-жылдарга кайрыла ал-сам кана. Небактан бери эле жок нерсени издегеним үчүн, капыстан суук тартып, кусалык басат. Ал адамдар жок – кеткен, жоголгон, таанылгыс болуп өзгөргөн. Бирок бул эң не-гизгиси эмес. Бул көчөлөрдөн мен өзүмдү, жаштыгымды, балалык үмүт-кыялдарымды издейм. Ар бир көчө, ар бир кайрылыш жаштык курактагы сүйүүнү эскерүүдөн жаралган обондой мурдагы ой-санааларды эске салат. Балалылыгым калган жерлерге кусадар болом, жөн гана ал жерде жашагандыктан, жамандыр, жакшыдыр… Дайыма өткөнүң сонун, айтмакчы,