декрети менен түзүлгөн жакырдык комитетинин өкүлдөрү 1918-жылдын экинчи жарымында аскердик коммунизмдин саясатын ишке ашыруу максатында, колхозго кирбеген жек көрүндү үй-бүлөлөргө байма-бай каттап турушчу. Өлкөдө Сталин түзгөн кулактарды класс катары жок кылуу иш-чарасынын алкагында, кулакка тартуу жүрүп, мүлкүн, буюм-теримин тартып алуу башталган. Бир туугандар Совет бийлигине баш ийбей, алардын күч колдонгонуна айыгышкан каршылык көрсөтүшөт.
Пенза облусунда 20-жылдары дээрлик бардык үйлөр жерди жалпы колдонууну жактоочулар тарабынан жок кылынып, 1930-жылы айыл тургундарынын жапырт качуусу башталган.
Апамдын үй-бүлөсү Котел айылынан чыгып кетишип, агалары дээрлик Улуу Ата мекендик согуштун башталышына чейин жашырынып жүрүшкөн. Бир туугандардын улуусу Петр фин кампаниясын ала жүргөнгө үлгүрдү. Петрден кийинки Николай прибалтикалык фронтто, артиллериялык полкто кызмат кылып, эки жолу жарадар болгон. “Эрдиги үчүн” медалы менен сыйланган. Эң кичүүсү Михаил экинчи беларус фронтунда согушуп, ал дагы сыйланган.
Фронттон катуу ооруп келип, карындашы Марияны Жалал-Абаддан тапкан. Анын жардамы менен белгилүү доктор Рейнгольд Бауэрдин диспансеринде 8 ай дарыланган. Дарыгер оорулууга зарыл болгон дарыларды берип, чоң апалар иттин майын алып келишип, бал менен кайнатылган алоэ ичиришип, кылбаганды кылышса да, эч нерсе жардам берген эмес. Көп өтпөй ал көз жумган.
Андан бир нече он жылдык өткөндөн кийин, Кожомжар менен Мариянын балдары эр жетип, жашоо кадимки нукка түшүп калган кезде, беш уулдун кенжеси Сергей апасынын мекенине жөнөйт. Туугандарынын бирөө-жарымдарды, жок дегенде аларды билип, эстегендерди тапсам деген ниети бар эле.
Уулун узатып жатып: “Эсиңен чыгарба, уулум, бизди айылда көбүнчө Купцевдер деп билишчү. 1938-жылы мен кеткенде колхоз башкармасы Шачников деген болчу. Анын Надя деген кызы менин курбум эле”, – деп жолдогон.
Ушундай маалыматтары менен Сергей «Пачелмага» туш келди. Бул Залес фермасы айылына эң жакын жайгашкан темир жол станцисы эле. Бирок качандыр бир айыл турган жерде мурдагы курулуш түтүктөрүнүн тулкулары, качандыр гүлдөп турган бакчалардын ордунда чириген дүмүрлөр, мүрзөлөрдүн үстүндөгү кыйшайып калган айкаштар гана калыптыр. Пенза облусунун аткаруу комитетинин чечими менен, 1988-жылдын май айынан баштап бардык тургундары чыгып кеткендиктен, калктуу конуш катары каттоодон чыгарылган экен.
Сергей апасын жана анын туугандарын тааныган мурдагы айылдаштарды табат. Бирок Надежда Шачникованы кайдан издесе болорун эч ким билбейт экен. Ошол жерден оңдой берди болот: жол тосуп, жолу бир машина менен кайра темир жол бекетине келаткан. Орто жаштардагы аял иштеп жаткан картөшкө талаасынын жанынан өтүп баратышканда, айдоочудан токтотуусун суранат. Аялдын жанына барып:
Мамамдын маңдайыбыздагы кези.
– Надежда Шачникова деген ысым тааныш эмеспи? – деп сурайт.
– Тааныш.