Улукбек Чиналиев

Кетменчиден элчиликке чейин


Скачать книгу

Адамдын капиталы – канжыгасындагы били-ми деген бекем ынанымды атабыз өз атасынан мурастап алган экен. Балдардын билимине каражат жумшоодо тийиштүү пайданы да, чыгымды да таразалап, туура иш кылып аткандыгын көргөнү атамдын көздөгөнүнө ишенимдүү ка-дам таштоосуна жардам берчү. Болгондо да жогорку эл ара-лык стандарттагы билимге. Ошондуктан балдарынын кадырбарктуу жана сөзсүз түрдө техникалык жогорку окуу жайлардан билим алышы анын жашоосунун маңызы болгон.

      Кыркынчы жылдардын башы. Атам Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун эки колхозунун башкы бухгалтери. Улуу Ата мекендик согуш учурунда башкалардай эле аны да фронтко жиберүүгө чакырышкан. Бирок брон боюнча мурдагы ордуна кайра жиберишкен. Фронтту жана тылды баккан да бирөө керек болгон экен. Бирок айыл чарба артелинде башкы адис болуп көпкө иштетишпеди. Эл душман-дарын таап чыгуу деген долу ээнбаштыктын капшабына атам да кабылган. Агрономдук билими болбосо да, дыйкандардын тажрыйбасынан, адабияттардан күздүк айдоонун артыкчылыктарын билчү экен. Жылуу жана нымдуу күздө колхозчулар сугарылчу айдоонун кеңири тилкесине үрөн сээп коюуга кам урушат. Себилген үрөндөн бекем, жыш өсүмдөр чыга келет. Алгачкы кар жааган кезде, жашыл өсүм 10–15 см көтөрүлүп калган эле. Кийин айылдыктар алган буудайдын түшүмү коюлган план боюнча фронтко жөнөткөнгө да, колхозчулардын нанына да жеткидей болот.

      Бирок же ою жамандардын жеткирген бузук сөздөрүнөнбү, же райондук Ички иштер боюнча элдик комиссариат-тын (НКВД) жетекчилери кабардар болбогондонбу, кышында атамды зыян келтирди деп күнөөлөшөт. Ушул жерден баары үстөккө-босток алмашат. Тиешелүү органдардын сак кызматкерлери атамдын бай-манаптын тукуму экенин, медреседе окугандыгын, молдо кезиндеги агартуу ишмердигин, атасы Бикеев Чыналынын репрессияланганын – баарын эс-тешет.

      Тергөө изоляторунда отурганын эстегиси келчү эмес, анткен менен ал тууралуу унута да алган жок. Ойдогудай көрсөтмө алыш үчүн мыкаачылык менен кыйноолор болгон. Бутка абыдан катуу урушкандыктан, тактары өмүр бою кеткен жок. Карцердеги өтө чебер мыкаачылык менен ойлоп табылган кыйноо мындай болгон эле: атама уйку беришпей, башына суу тамчылатып коюшкан. Адатта мындай кыйноонун 3 суткасынан кийин тергөөдөгүлөр кандай болбосун документке кол коюуга даяр болушкан. Өкүм, адатта, эң жогорку жаза болорун баары билишкен. Атам мындай кыйноого бир апта чыдап, зыян келтиргем деп кол койгон эмес.

      Орус тилин мыкты билип, сабаттуу болгондуктан, өзүнө жана башкаларга карата мыйзам одоно бузулуп, кыйноолор болгондугу тууралуу Бүткүл союздук профессионалдар союзунун борбордук кеңешинин (ВЦСПС) төрагасы Н.М.Шверникке арызданган. Арыз ээсине жетип, анын көрсөтмөсү менен комиссия түзүлүп, жыйынтыгында көптөгөн адамдар бошотулган. Көп жылдардан кийин Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп турганымда Жалал-Абад облусуна келип, губернатордун биринчи орун басары менен жолугуштум. Ал мага атамдын арты менен атасынын тирүү калганын айтып берди.

      Тергөөдөн бошонгондон кийин облус борборунан алысыраак, Жаңы-Жол районуна