Улукбек Чиналиев

Кетменчиден элчиликке чейин


Скачать книгу

жай мезгили болучу. Бул бийик тоолуу жайытка колхоздун отор койлорун айдап келишчү. Катаал кыштоодон кийин бүт айыл эли кур-гак, ысык тоо этегин таштап, бийик тоонун салкын көк шиберине жайгашышчу.

      Жайлоого чейин күндүк жол эле. Айылдан чыкканда эле жапайыланып кеткен өрүк бактары, ит мурун бадалдары жана жапайы жүзүм кезигет. Жалгыз аяк жол кооз капчыгайды аралап, хрусталдай мөлтүрөгөн тунук сууну бойлой кетчү. Кээ бир жерлерде бул жол тоонун аскалуу бооруна такалып, бир жагынан бир нече ондук метр бийиктиктеги жар менен жанашчу. Аттар мындай өтмөктөргө көнгөн, адат-та тоодогу жолдор аларды башкарышпайт. Чабандестер тизгинди бош таштап, аларга ишеним артышат. Аттардын жергиликтүү тоолук породасы кыргыздар 4000 жыл илгери өстүрүшкөн ат тукумунан алынгандар. Туяктары бек, такалоонун кереги жок.

      Ат менен топозго (3–4 миң метр бийиктикте жашаган, жүк артылуучу алмаштыргыс жаныбар) ар кандай жүк өзгөчө аракет менен жүктөлчү. Жолдо кечип өтүү кыйынга турган тоо суусу агып өтчү. Бул күргүштөгөн агымга туруштук берүү үчүн болгон күчүбүз менен тырышчубуз. Эс оодарган узак жол туш тарабынан тоо кыркалары менен чектелген кең өрөөнгө алып келчү. Таң бул жерге кечигип атып, күүгүм маалынан эрте кирер эле.

      Бет маңдайыңда каакымдардын сары баштары, чөптөрдүн бышып жетилген машактары. Жыш өскөн сабактарда түркүн майда жандыктар кыбырап тирлигин кылышат. А тиги тик жардан ары, алыс-алыс мунарыктап турган жакта аппак болуп жаркыраган тоо чокулары. Коркунучтуу саякатка кетип калышыбызды каалабай, улуулар озунуп бизге түркүн жемиштерден татканып жыргаган аюулар жөнүндө айтып беришчү. Бардык жерде жайылып жүргөн мал көрүнөт. Ал үпү гүлдөрү менен кооздолгон зымырыт түстүү килемде боз үйлөр ар кандай жайгашкан. Ошол боз үйлөрдүн бирине үй-бүлөбүз менен жайланыштык.

      Эң эле кызыгы – жакын турган тоолорго чыгып, мылтык менен мергенчилик кылуу эле. Патрондор катуу тартипте чектелүү. Бир жолу иним Олег жолдуу болду. Ал улар атып алды, мергенчи үчүн бул сейрек кездешүүчү олжо. Жайлоодон Токтогул совхозунун улуу чабаны, Социалисттик эмгектин баатыры, СССР Жогорку Кеңешинин депутаты Мамбет Абылдаевдин туугандары, атасы менен мамилелешип калдык. Мамбек өмүр бою чабан болгон. Аны билгендердин эсинде анын өзүн бактылуу сезип, жылмайып жүргөнү калыптыр. Анын жылкыларынын арасында оюн салып жүргөн тайлары бар эле, атамдан анын бирөөнү кармап минейинчи деп сурандым. Улуулар Кожомжарды мындай сааттуу ишти кой, мындай азоо айбан бала кезинен аттын кулагы менен тең ойногон чабандын балдары үчүн да кооптуу деп тыйышты.

      Атамдын дарылануу мезгиси. Ессентук шаары, 1954-жыл.

      Үйрөтүлбөгөн немелер минген баланы эмне кылышарын айтып болбойт. Ээри жок, жүгөнү да жок, үркүп кетсе ала качып, болгон күчү менен чуркай турган болсо, кармап жоошутуу кыйын болмок. Бирок атам менин көңүлүмдү кыйбады. Тайды кармап, мойнуна аркан салышты да, мени мингизип туруп коё беришти. Күлүктүн жер чапчып