ушундай тартипте, жүрөк өйүгөн проблеманы, өзүң каалаган ден соолукка бурууга болот. Ал ар кимиңдин өз колуңда. Аны жасай аласың. Негизги күч өзүңдүн “ичиңде”.
Эгерде “көңүл коюп”, оюңдун “сапатын” жакшыртып, жашоонун ар бир “көз ирмеминен” ырахат алып жашагың келсе, анда кубанычтуу жашоо сен үчүн кызматта.
Азыр, “учур чакта”, ушул секунда, ушул минутадан баштап ойду сапаттуу ойлоого өтүүнү “ниет кыл!”.
Мындан ары негизги көңүлдү “ден соолук” темасына бурабыз.
Элдин баары эле “сөз” менен ден соолукта болууну каалайт, тилейт, бирок, ден соолукта болуу үчүн керектүү эрежелерди сактай алабы? Ой жүгүртүүсү кандай?
Аны, ар бир адам өзү кана билет.
Азыр төмөндөгү сөздөрдү окуу менен бирге үн чыгарып кайталоо, жаныңа бир чыны же стаканга суу куюп коюп уурттап ичип айтуу жакшы натыйжа берет.
Мисалы : “Мен азыр ушул секундадан баштап өзүмдү чың ден соолукта сезип жатамын! Себеби, ооруу болуудан баш тарттым!”
“Мага – ден соолук керек!” “ Мага ден соолук!” “Мага ден соолук керек!”
“Мен өзүмө өзүм азыр ден соолукта болууга уруксаат бердим!”
“ Мен өзүмдү ден соолукта сеземин!”
“Негизги “күч”дайыма мени менен бирге! Мен күчтүүмүн!” “Мен эрктүүмүн!”
“Ден соолук мени менен түбөлүккө бирге!”
“Мен ден соолукта төрөлгөм!”
“Мен ар дайым ден соолуктун толкунундамын!”
“Менин органдарымдын баардыгы так, өз нугунда ритимдүү,чың ден соолукта иштеп жатат”.
“ Менин ден соолугум күндөн күнгө чыңалып баратат, аны сезимим менен сезип жатам”.
“Мен бактылуумун!” “Шамдагаймын, көңүлүм ачык, шайырмын!”
“Менин каалаган нерселерим, мен кандай ойлосом ошондой болуп жатат”.
“Ойлорумду дайыма кантип таза, жакшы ойлорго бурууну өз убагында билемин”.
“Менин оюм, менин бүгүнкү күндөгү жашоом”.
“Мен дүйнөгө ачылдым!”
“Мен адамдарга ачылдым!”
“Мен дүйнөгө таандыкмын, дүйнө мага таандык!”
“Мен Аалам бөлүкчөсү экендигимди түшүндүм!”
“Ар бир адам Аалам бөлүкчөсү, ал нурдан башталат!”
“Дүйнө, Аалам менден башталат, бүткүл Аалам менин денем менен байланышкан, мен алар менен тыгыз байланыштамын”
“Мен өз жайымдамын!” “Башкалар өз жайында!” “Дүйнө өз жайында!”
“Ар бир күн мен үчүн белек – мен үчүн эң сонун күн!”
“Мен баардыгына ыраазымын!”
“Мен өзүмдү жакшы көрөм, мен дүйнөнү, баардык көзүм көрүп кулагым уккан нерселерди, баардык адамдары сүйөм!”
“Баардык сезимим менен сезгендин баары – менмин!”
“Мен – бүткүл дүйнөнү, Аалам, жан жаныбар, курт кумурска, планета, жылдыздар, галлактикалар, ар бир адам баласын өзүмдүн жашоого болгон көз карашым аркылуу көрөмүн! Ал менин дүйнөм”
“Мен ар бир күнүм үчүн сүйүнөмүн, кубанычымды бүт Ааламга сезимим менен таркатамын”.
“Мен жатканда кантип