Алымкан Камчыбековна Карбозова

Таза ойлор Так сөздөр


Скачать книгу

болот. Эми, ден соолугу чың денени, мүчөнү элестет. Өзүңдүн сезимиң менен бекемде. Менин ден соолугум чың! – деп, өзүңдү өзүң күндө, ден соолугуң чың болгондой сез.

      Күнүгө аз аздан жасап олтуруп, денени бош кармоого, ар кандай ооруулардан бошонууга үйрөнөбүз. “Көңүлдүн борбору “-ден соолукта болсун! Өзүңдүн ден соолукта баскан – турганыңды сез!”. Бул деген нерсе “өзүң менен өзүң иштеп, өзүңдү өзүң сүйүүгө үйрөнүү” болуп эсептелет. Сүйүүнүн нуру-жашоонун нуру. Жашоону сүй, ырахаттанып, ар бир көз ирмемде кубанып жаша!

      Ойдун оңолушу – бул ден соолуктун оңолушу! Жашоонун өсүп өнүү нугуна бурулушу. Жаңы жашоону «куруу» болуп эсептелет.

      Эми, жаман ойду жакшы ойго алмаштырып ойлоп көрчү, денеңде кандай өзгөрүү болот экен? Өзгөрткөндө энергиянын агымы жогорулайт, сезим жакшыра баштайт. Азыр ошол айырманы сезиш үчүн көнүгүү жасайбыз. Ар бирин айтып, дене менен сезип көргүлө. Кайсынысы жакты ошол ойду, сезимди көбөйтүп, эстеп калуу менен ден соолукту чыңдоого болот.

      Жаман ойлор (өчтү)

      Жакшы ойлор (ишке кирди)

      1

      Акчам жок (өчтү)

      Менде дайыма акча бар (ишке кирди)

      2

      Ар жерим ооруйт

      Мен ден соолукта төрөлгөм, себеби өзүмдү деним сак сеземин!

      3

      Карызым көп

      Керектүү убакта, керектүү өлчөмдө мага да ага да ыңгайлуу шартта төлөп койдум.

      4

      Чындык жок

      Мен өзүмө өзүм чынчылмын. Чындык бар

      5

      Теңчилик жок

      Теңчилик бар. Менин дүйнөмдө теңчилик орноду, тең салмактуулук калыбына келди.

      6

      Мага жакшы жашоо буйрубаган

      Мен жакшы жашоого өзүмө өзүм уруксаат бердим. Жакшы жашоонун ээсимин. Жашоомо ыраазымын!

      7

      Кудайдан корком

      Кудай эч кимди жазалабайт, адамдын намысы өзүн өзү жазалайт. Кудай мени сүйөт жана колдойт, себеби кудай менин денем аркылуу өзүн сездирет, себеби, ал энергия, нур, жылуулук.

      8

      Өлгөндөн корком

      Мен жашоону тандадым, өлүмдүн бар экендигин түшүнөм жана кабыл алдым. Менин жашагым келет. Мен азыр жашоону тандадым.

      9

      Уурдап кетпесин

      Туулгандан жараткандын коргоосундамын. Менин дүйнөмдө уурулук жок, адамдар жетишкен жашоодо жашайт, себеби мен аларга ишенемин!

      10

      Алым, күчүм жок

      Мен күчтүүмүн. Кудайдын күчү ичимде

      11

      Жашоо кызыксыз

      Ар бир көз ирмемде жашоодон ырахат алып жашап жатам. Бул жашоого укмуштарды жаратуу үчүн келгенмин.

      12

      Аялдар алдайт

      Аял заты жаратуучу, дүйнөгө сүйүү нурун таркатуучу. Мен аялдарга ишенем, себеби, ал менин ден соолугум

      13

      Эркектер алсыз, сөзүндө турбайт

      Эркектер эң күчтүү коргоочу, жашоого кам көрүүчү. Айтканын өз убагында аткарат. Эркекке ишенүү, өзүмө өзүм ишенүүм.

      14

      Сүйүү