Айгүл ШАРШЕН

Өч алуунун аягы


Скачать книгу

азыркы жаштар жаталак дегеле, колу бошунда ишин жасап албайбы, керээлден кечке жата бербей, – Ал үйүнө жеткенде Азимдин келип калганын көрдү, ал атасы экөө сүйлөшүп турган экен: «Каап, айтпа деп койбой, мейли садагаң кетейин, кубанып калсын», – деп ойлонуп жете келди.

      – Мурдуңа келгир десе, тим эле дердеңдеп калган тура, – мулуңдай күлүп уулун өзүнө тарта эки бетинен өптү, – Кут кылсын балам, аман-эсен көзгө көрүнгүчө киши-карага айта бербегиле.

      – Макул, апа, – Азим апасына жылмая карады, – Угуп алып аябай сүйүнбөдүмбү.

      – Кудай кубанчыңды кут кылсын.

      – Ошондой эле болсун апа, ал силердин небереңер болот да.

      – Айла-анайын, Адина бала менен кыйналбасын, мен үйгө кирейин, – деп Гүлпари ичкериге кирди, – Кызың уктадыбы, балам?

      – Ооба апа, Гүкү уктап калды.

      – Садагаң болоюн десе, кудайым ушул кызды силерге периште кылып жөнөткөн экен да.

      – Ошондой болсо керек апа.

      – Тамакты асып койдуң беле?

      – Ооба, бышайын деп калды.

      – Абдраим менен Сабираны чакырып койдум, алар кийин укса таарынышат, мындай кубанычтуу жаңылыкты аларга айтпай койсок болбойт эмеспи.

      – Ооба апа, айтпай кантип коймок элек.

      – Тобо де балам, көптөн бери төрөбөй жүрөсүң балам, этият бол, бирөөнүн сөзүндө, бирөөнүн тилинде бар.

      – Макул апа, – деп Адина унчукпай калды.

      Ошентип көптөн күткөн кубаныч өз койнуна алып эми төрөбөй калдым го деп жүргөн Адинанын кубанычтан жүрөгү элеп-желеп болуп Гүлбахарды кудайындай көрүп жерге-сууга тийгизбей карап-багып жатты. Сабира экинчи кызын төрөп алды, Фатима төрөлгөндөн эле момурап жоош болду, Абдраим да кубанып экөөлөп карап жашоолоруна ыраазы болуп жашап калды. Ошол жылы жазга жуук Адина уул төрөп алды. Кубангандарын айтпа, атын Уланбек коюшту, артынан убай-чубай уул-кыз келе берсин деген тилек кылышты. Көп адам чакырып шаан-шөкөт деле кылган жок, баланын туулганына эмес турганына сүйүн деген эмеспи илгерки ата-бабалар.

      Гүлбахар көздөрү жайнаган, татына кыз болуп чоңоюп келе жатты, жетиге чыкканда мектепке барды, ошол жылы Сабира бешинчи кызын төрөгөн, жаш аялмет болуп кыйналганынан ал Гүлбахарды сурай албай шылтоолоп сурап келе берет. Бир жолу жекшемби күнү келип:

      – Апа, Гүкүнү жиберип койгулачы, балдар менен кыйналып жатам, кир когумду жууп алайын, – деди.

      – Ботом, итирейтип буга бала бактыргың келеби, шылтоону башкага айт, эми Адина менен Азим силерге береби, анан калса экөө тең аны жакшы көрүшөт, – Гүлпари келинин сүйүңкүрөбөй карады.

      – Жок апа, анда-санда жиберип турсаңар, жардамдашып турсун, – деди Сабира жер карай.

      – Жеңе, – деди Адина, – Гүкүнү сизден талашпайбыз, бизге ак жолтой болуп берди, бала үчүн жаман көрүнүшпөйлү, барса барып келип турсун, мен сизден алыстатпайм, – деди күлүмсүрөй, – Ал үй менен бул үйдүн кандай айрымасы бар, колунан келишинче бөбөктөрүнө каралашсын.

      – Өзүңөр билгиле, айланайындар, – деп Гүлпари эки келининин ынтымактуулугуна ыраазы боло карады, – Дегиңкиси баланы ортодо чайналтпай