Айгүл ШАРШЕН

Өч алуунун аягы


Скачать книгу

деп ойлоп калчу. Эми анын башына бир башкача кубанычтуу сезим пайда болду: «Көрсө мени дагы унутулгус болуп сүйгөн адам бар тура, неге убагында жолукпадык, балким дагы башкалар мени эстеп азап тартып жүргөндүр, демек мен сүйдүрүүгө татыктуумун», – деп көз жашын аарчып кубанычтуу сыртка чыкса Карим дарбазадан кирип келе жатыптыр.

      – Самарбек эмнеге келиптир? – деди ал дароо эле.

      – Фатима экөө таарыныша кеткен тура, – деди уурусу кармалгандай көзүн ала качып.

      – Кандайча сенден акыл сурап калды, кабак-кашына да алчу эмес эле го?

      – Апам жибербей жатыптыр.

      – Анан сен аны кайрадан качырмаксыңбы?

      – Апамды көндүр деп келиптир.

      – Өздөрү билет, сен аралашпа.

      – Айттым.

      – Жакшы болот, – Экөө андан ары сүйлөшпөдү, Карим тамак ичип алып жатып алып телевизор көрүп жатты.

      – Карим, ажырашалы.

      – Эмнеге?

      – Сен балалуу болушуң керек го?

      – Өзүң болосуң, – Үңкүйө жер карады.

      – Мен сени уул же кыз төрөп бактылуу кыла албайм.

      – Кереги не, дүйнөнүн өзү жалган.

      – Баардык адамдардын тагдырын окшош кылып койбойт экен да, мен сени алдагансып жашоодо кыйналып кеттим. Карим, адамдай жүрөгүң болсо менин ал-абалымды түшүнчү?! – деп ыйлап отуруп айтты Гүлбахар, бирок Карим үндөбөдү, анын ыйлап жатканына табасы кандыбы, айтор башын жерге салып көпкө отуруп көптөн кийин:

      – Болду эми, кечке ыйлай бербей, балалуулар жыргап биз эле калыптырбызбы, кудайдын пешенеге жазганын көрөөрбүз, – деди.

      – Сенин апаң деле айтат экен, агаң бала чакалуу, биз минтип соксоюп бири-бирибизди тиктеп отурабыз, мен деле баланын жытын жыттагым келет, врачтар төрөйсүң дегенден башка сөз айтпайт, сен деле текшерилсең боло?

      – Токтот сөзүңдү, төрөсөң төрөбөйт белең, мага тийишпе!

      – Анда ажырашалы.

      – Кетсең кете бер, кармаганым жок, өзүңдөн көрбөй мени текшерткиси бар! – деп Карим Гүлбахарды колунан сүйрөп эшикке жетелеп жөнөдү, тартынып болбой жатканда кайрылып чаап-чаап жиберди, – Экинчи мени текшерил дегениңди коесуңбу? – Жиндене тээп жиберди, башын калкалаган Гүлбахар ийриле жатып калды:

      – Айтпайм болду, болду тийбе!

      – Мага бала-салаңдын кереги жок, экинчи бала жөнүндө сөз кылбагын!

      – Болуптур.

      Карим ачуусун баса албай сыртка чыгып кетти, ошол кезде Азат чукуранып ойгонуп калды, ага каралап тамагын берип, жалаягын которуп анан ойлуу бооруна кысты: «Садагам, кичинекейим десе, сен эрте энеден калсаң, мен бала көрө албай азаптамын, сен кетип калсаң кантээр экенмин, ансыз дагы менин бар жогумду ойлогон эч кимим жок, тирүүлөй өлүктүн өзүмүн, тагдырым ушул адамга байланып калып жаштыктын кандай экенин да сезбедим, өмүрүм ортолоп бара жатат, кырктын кырын ашканда кайдан төрөмөк элем», – деп көзүнүн жашы төгүлүп жүзүн жууп жатканын сезбеди. Бир кезде бала жаткан төшөктүн алдынан акча таап алды: «Муну Шухрат таштаган окшойт, ал эмнеси экен, каап