Айгүл ШАРШЕН

Өч алуунун аягы


Скачать книгу

деген ойго алдыра дасторконун жыйнап коюп отуруп калды. Карим ошол күнү келбеди, анын өзү жактырган бой келини бар эле, жан дүйнөсү эңшерилгенде ошого кетип калмай адаты. Бекзат эл жатканча аны-муну айтып акесин күтүп отурду, Гүлбахар жатууга орун даярдап жатканда эшикке чыгып кетти, жарыкты өчүрүп жатып алган Гүлбахардын койнуна бир убакта кирип келди.

      – Жеңе, жок дебечи, өзүңө көптөн бери ашыкмын, – шыбырай ычкырына колун сойлотту, – Тез эле бүтүп кетип калам.

      – Жарыбагыр десе, мени ким деп ойлоп жатасың? – Гүлбахар аны түрткөн болду, бирок күчкө толуп турган жигит ой-боюна койбой эле арыдан бери ишин бүтүрө салып шашыла кийинди да түн катып жолуна түштү.

      Гүлбахардын дене-бою бир башкача жыбырап ал кеткенден кийин да эңсеп туруп алса болобу. Деги күйөөгө тийгени эркектин койнунун мынчалык кумарлуу да ырахаттуу экенин сезбептир, анткени Карим анын үстүнө чыгып да эрип-элжиреп өпкүлөгөн эмес экен. Жаш жигиттин жанталаша өпкүлөп, мойну-башына чейин аймалаганы жанын көзүнө көрсөтүп ырахатка эми батып баратканда кетип калбадыбы? «Чунак бала, мынча болгондон кийин биротоло ырахаттын даамын таттырбайт белең, акеңди келип калат деп корктуң го», – деп улутунуп алып жанында жаткан наристени шор эттире жыттап алып улутунуп ийди.

      Эртеси кечинде келди Карим, үндөгөн жок, эшигинде бирдемени кармалагансып жүрүп кеч кирди үйгө.

      – Тамак барбы?

      – Бар.

      – Алып келчи.

      – Азыр, – Гүлбахар колундагы баланы жаткырып коюп анан дасторкон жайды, – Кечинде кайда бардың?

      – Сага эмне кереги бар? – Күңк эте карады.

      – Сурадым да.

      – Жумуш бүтүрдүм, – деди үңкүйө.

      Гүлбахар да унчукпай калды, ал түндөгү ырахаттуу мүнөттү кайра-кайра эстеп өзүнчө кыйнала берди, ошол бир түн анын көз жашын кургатып түбөлүк эне болуу бактысынан кур калам деген Гүлбахардын жүрөгүнө бакыт нурун чачыратып, наристе жытын жыттатаарын анда эч кимиси билген жок. Болгону сезимдин назиктиги, аялдын назик көңүлү кайрадан кайнисин эңсетип туруп алган эле.

      – Ишиң бүттүбү анан?

      – Эмнеге эле такып калгансың? – Ачууланып акырайып карады.

      – Эрим болсоң сурабайынбы.

      – Сурабай жүр, кайда барам өзүм билем.

      – Мени аялдыкка алдың беле же күңдүккө алдың беле ыя?!

      – Кандай ойлосоң ошондой ойло!

      – Сени кудай кыйнасын, түбөлүк ушинтип кыйнагандай айбым кайсы?

      – Болду, андан көрө төрөп бер, ошондо менден сый көрөсүң.

      – Желден төрөймбү, жыйырма жылдап жашасак да эркектей болуп сылап-сыйпап жылуу сөз айтпайсың, топтой тоголото тээп кумардан чыгып басып кетесиң, тажадым деги ушул жашоодон, азыр бала менен алек болуп калдым, аны алып кетсе тиземди гана кучактап, көз жашымды төгүп жападан жалгыз калам го? – Буркурап ыйлап ийди.

      Ошол кезде Бекзат кирди.

      – Аке, силерге эмне болду?

      – Жеңеңдин кыялы кармап жатат. Кел, эмне жумуш?

      – Сизде жумушум бар эле.

      – Айта бер.

      – Өзүбүзчө сүйлөшсөк дедим эле.

      – Тамак