берекелүү ушул чөлкөмдө ит агытып, куш салып, армансыз жашагын. Бул аймакты элиң душмандан сактап, журтуң бакубат турсун. Экинчи балам Койлон сага Мөмөсү бышып жетилген кереметтүү түштүк жерин берейин, үстүнө мингениңде суу төгүлбөс акбоз жоргому алгын. Ошону менен түштүк жеринде жорго салдырып, журтуң менен аман-эсен жашап жүрө бер. Үчүнчү балам Кылжыр сен улуу балаң Орозбакты менен касиеттү көлдүн эки бетин ээле, кичүү уулуң Дөөлөсбакты Нарын, Чоң Кемин, Кичи Кемин жерлерин мекендеп, Алатуяк күлүктү чаап өз жерин душмандарына жолотпой бактылуу жашасын жана дагы жер талашпай, уруу-уруу болуп чабышпасын ал жаман апаатка алып келет,– деп ата көп акыл-насаатын айткан экен. Эл дагы, балдары да бийге аябай ыраазы болду. Убакыт өткөн сайын анын кадыр баркы арта баштады. Ошол кезде бул чоң чөлкөмдү Чынгыз хандын тукумдары Моголдор башкарып турган экен. Алар каардуу эзүүчү, өздөрүнө каршы баш көтөргөндөрдү жок кылып турган. Тагай жалпы кыргыздарга бий болуп шайлангандан кийин, Жунустун уулу Ахмад, анын уулу Султан Халил анын иниси Султан Саид менен жакшы мамиле түздү, алар эмне десе ошону аткарып туруш керек болгон. Тагай бий бул чөлкөмгө айрыкча, өзбек, казак элине кадыр-барктуу болгон. Моголстандын ханы Тагайды конокко чакырып, жалпы маселени аны менен бирге чечеер эле. Моголстандын бийлөөчүлөрү Тагай бийдин кайратынан корккон. Алар бийди кыргыздарды бириктирип, Моголстандын бийлөөчүлөрүнө каршы чыгабы деп кооптонушкан. Бий азыркы Барскон аймагында жалпы кыргыздарга хан болуп көтөрүлүп, өзүнчө көз каранды эмес мамлакет болууга аракет кыла баштаган. Тагай бий өзүнчө күчтүү армия түзүп, армиянын тартибин Темирландын тактикасын пайдаланган. Бийдин жоокерлери Султан Саиддин жана анын уулу Рашиддин жоокерлери менен далай жолу беттешет. Акыры Могол бийлөөчүлөрү Тагай бий менен мамиле түзүп тынчып калышкан. Бирок Султан Саид тынч жаткан кыргыздарга чабуул коюп каргыз армиясы жеңилип калып, Тагай бий колго түшүп, Кашкарга ак үйгө алынып келинген. Аны жок кылуудан Моголстан бийликтери корккон. Аны ошол жерде бий катары кармап турган. Кашкарда Могол бийлөөчүлөрү Тагай бийге баардык шартты түзүп берген. Ага бул жерде жалгыз өмүр сүрүү көңүлсүз болгон. Ошол үчүн ал үйлөнүп алып жашоого мажбур болду.
Тагай бий хандын багын аралап көңүл ачып жүрдү. Ал бакта эмне деген гана өсүмдүктөр жок. Алыскы Коконд, Маргалаң, Кытайдан, Индиядан алынып келинген түркүн өсүмдүктөр, көз жоосун алган гүлдөрдүн ар кандай түрлөрү. Бак ичинде түркүн куштар үн безеп адамдын көңүлүн көтөрүп алда кайда бийиктикке жетелеп жүрүп отурат. Араакта көйкөлгөн мажүрым талдын түбүндө үч сулуу кыздын сүйлөшүп турганы Тагай бийдин көзү чалды. Ошол кыздардын ичинен бирөө бийге өзгөчө жагып туруп алды. Мойну койкойгон, кыр мурундуу, ак жуумал кара көз, кара каштуу, калың олоң чачтуу кулпунуп турган кыз эле. Тагай бийге ошол кыз өзгөчө жагып турду. Бий алардын жанына барып ийлип салам берди. Сулуулар Тагай бийдин саламын алик алышты. Бийдин көзү жанагы сулууга тигилип туруп алды, кыз бийдин көзүн тике карай албай башын жерге салды. Бий да кыздын сылыктыгынан ыйбаа кылды.
– Кайсы