чыгып келди. Өзүнүн Керкашкасынын таптоосу кичине начар болуп калганын бий сезип турду. Бөрүбай келип Актуяктын чылбырын кармаганда Тагай бий таң калды. Бул Актуяк Желдеңдин аты эмес беле. Эмне үчүн Бөрүбай ээ болгон же сатып жибергенби? –деп ойлоду. Ошол Актуяктан бериде ак калпакчан, кара чепкенчен Желдең Актуякты армандуу карап турат. Тагай бий чабандестин көрүнүшүнө боору ооруду. Бий жигити аркылуу Желдеңди чакыртты. Эриндери шамалга туурулуп, жүдөгөн чөөдөй сары, ындыны өчкөн чабандес Тагай бийге басып келип:
– Ассаломалекум бий, жакшы турасыңбы, чакыртыпсыз келдим,-деди башын жерге салып.
– Ва алейкума ассалом саяпкерим кандай кут болсун күлүгүң Актуягың биринчи келбедиби эмнеге сабырың суз сүйүнбөйсүңбү, жүдөгөн түрүң бар.
– Ал меники эмес.
– Кандайча Актуяк сеники эмес беле.
– Аны менден Бөрүбай тартып алган.
– Эмне Бөрүбайга карыз белең?
– Жок күлүк менин бээмин тукуму болчу,-деп тартып алды. Күлүктүн энесин бир кезде мен ага иштеген акыма алгам.
– Ошол элеби.
– Ал эмес кыраан бүркүтүмү да тартып алды.
– Эмне үчүн?
– Менин аталарым жайлаган аскалардан кармапсың,-дейт. Ошол да болмок беле ал аскалар элдики, биздин ата-бабалардыкы эмеспи.
– Ошол элеби.
– Ошол күчкө салып тартып алды- деп саяпкер аянычтуу башын жерге салып, жерди карап жалдырап, ындыны өчүп турду.
Тагай бий жигитине жини келе кайрылды:
– Чакыр тетиги билерманды береги таз, соку баш Бөрүбайды.
Көп өтпөй дөңдө турган топ атчандар бийдин жанына бастырып келишти. Арасында келишимдүү кундуз тебетей кийген Бөрүбай да бар.
– Бөрүбай күлүгүң чыгып келиптир,-деди Тагай бий ачылуу.
– Ырахмат эл атасы Тагай бий мен аны чегине жеткире таптагам.
Тагай бий каарданды. Анын каарданганын көрүп, Бөрүбай боз ала боло түшүп салбырап калды.
– Ал күлүк кимдики?
– Меники.
– Желдеңдики эмес беле.
– Желдең мага берген анын үстүнө күлүктү менин бээм тууган болчу.
– Сага калмактардын чабуулунан түшкөн көп жылкыны ким берди эле?
– Сиз бергенсиз Тагай бий.
– Мен берсем сен эмне үчүн аны элге тең бөлүп берген эмессиң?
Желдеңдин бүркүтүн эмнеге тартып алдың?
– Менин аскама тууган бүркүттүн балапаны болчу.
– Сен кудайдын аскасын менчиктеп алдың беле, ушул сөздү кантип айтып турасың.
– Жок Тагай бий ал атамын жайлоосу болчу.
– Мына сага күлүк, мына сага бүркүт,-деп тагай бий Бөрүбайды чоку талаштыра эки-үч жолу тартып-тартып жиберди. Бөрүбайдын баш кийми учуп барып, аттардын буту турган жерге түшүп тапталгансып калды.
Билермандар эки ортого түшүп арачалап киришти.
– Ардактуу бий бизге бир ачууңузду бериңиз.
– Бий кечирип коюңуз.
– Иттик Бөрүбайдан кетиптир, элдин таламын жактабай калган тура.
– Байкуш