Кадыр Абакиров

Бабалардын жанырыгы


Скачать книгу

Касиеттү Каркыра жайлоосунан көлдү аралап Нарынга карай кетип баратты. Чынгыз хандын кошууну кыргыздарды кууп келатты. Алдыда жол чалган эркектер бар. Эгер шектүү шыбырт билинсе, токойго же далдаа капчыгай, чуңкурга кире качат. Ал эми курал жаракчан жигиттер көчтү душмандан коргоп келатат. Жолдо чебердеп жүрбөсө жаман ушундай капсалаңдуу оор учурда монголдордун же калмак тайпаларынын черүүсүнө учураса, Долон бийдин аз кошуунун майкандап салышы ыктымал болчу. Айтпадымбы, бий өтө сак жана кыраакы эле. Кандай да болбосун чапкында калбай өз журтун аман алып калуунун камында болду. Балдарым ошентип, «Ажут-Мажут» деген желмогуз эл Теңир Тоого бобу биз турган ушул Ала Тоого каптап кирип келди. Бул жердеги кыргыздар жан айласы кылып ары-бери удургуп тентип кирди. Алар баягыдай эле түштүккө Жерге -Талга, Ош, Жалал-Абад жакка кача баштады. Ошентип биз турган жакка эң тынчсыз абал пайда болду. Согуштун жүзү курусун Чынгыз хандын жоокерлери эч кимди аяган жок. Шаарлар баш ийбейби, баардыгын жексен кылып талкалап келатты. Жердин үстү кан жошолонуп адамдар эмне кылаар айласын билбей калды. Жортулчуулар Каркыра жайлоосуна кирип келип ал жакты будуң-чаң кылып жатты. Жакшы куралданган монгол кошууну беш жүз эле ал эми, Долон бийдин кошууну миңге чукул болчу Жоокерлер каруу жарактарын белендеп, айбалталарын курчутуп, кылычтарын тапташты. Алардын айбаттуу айбаталары кыңгырап, кылычтары шыңгырап, өлүмдүн үнү угулду. Жоокерлер аттарынын көкүлүн сылап, чап өлөңүн бек тартып, көмөлдүрүгүн кыскартып, сол карысына калканын илип, бир жерде кернейлер бапылдап, да бир жерде сурнайлар шаңкылдап, добуш салып кыргыздарда ушул алаамат күндө өлбөстүктүн үнү угулуп турду. Ошентип эки кошуун качырып келип кармашка түштү Монголдордун кошууну аз болгон менен чыңалган кошуун экен. Ал эми кыргыздар каардана акыркы күчүн салып жоо менен катуу кармашка өттү. Ач кыйкырык, куу сүрөөн жүрүп, жер титиреп, ачык чөл күңүрт тартып турду. Добулбастар кагылып, сурнайлар азаптуу үндү берип турду.

      Кыргыздар:

      – Кыргыз!

      – Кыргыз!

      – Манас!

      – Манас!

      Монголдор дагы өз ураанын салып, кыргыздарды жапырып салууга аракет кылды. Бирок кыргыз тартынбас жоокерлери аларга айбат көрсөтүп жатты. Эр өлүгү боо, ат өлүгү тоо болду. Жарадар эрлер көп, аттан кулап түшкөн баатырлар да көп. Асман кара чаң болуп, топурак учуп тоз болуп, не экенин билинбей, жердин бети көрүнбөй турду. Монголдун он башчысы ороктоп, жүз башчысы сороктоп турду. Медияндын чөлүндө эки күн катуу кармаш болду. Үчүнчү күнү араң согуш аяктады. Монголдор кыргыз жоокерлери жеңилбес эр экенин билип айлалары кетип арттан жардам сурап жатты. Кыргыздар да чоң жоготууга учурады. Эч бир жеңишке жете албай алсырап, айлалары кетип, Нарын тарапка ооп ошол жакка кокту колотту аралап жөнөөгө аракет кылды. Алар арттан монголдорго чоң жардам келеерин билип жатты, ошол үчүн бул аймакты таштап кетүүгө аракет кылды. Эгерде монголдорго жардам келсе анда кыргыздарды түп оорду менен тып-тыйпыл кылып кырып салаары белгилүү эле.