Кадыр Абакиров

Бабалардын жанырыгы


Скачать книгу

кылбай ариеттеп көмүштү. Кудайга жалынышты. Кыргыз эли, баатырлар «жок болуп кетпейли» деген улуу ойду ойлоп жатты.

      Улама боюнча ошол монголдор менен болгон согушта Долонбий баатырдын канаттуу Кара жорго күлүгү кыргыздын бир тоосунда окко учуп өлдү. Баатыр жоргосун жоктоп, анын көкүл жалын кесип алып ыйлап турду:

      – Касиеттүү жаныбарым, сени менен канча жыл бирге болдум, сенин талбаган канатың бар эле. Эми кош бол жоо огунда жок болдуң. Сени тиги чын дүйнөдө минип жоолрду бул жерден сүрүп жоготом,– деп ыйлап турду.

      Ошол касиеттүү жер «Кара жорго» тоосу деп аталып калды деген элде имиш бар. Береги катуу согушта кыргыз баатыры Окторкой чоң эрдикти көрсөтүп, каза болгон жер анын арбагын сыйлап жоокерлер ошол аймакты «Окторкой» деп атаганын санжырачылар айтып жүрүшөт. Ал эми дагы бир кыргыздын алдуу күчтүү намыз бербес баатыры Оргочор дагы кыргыздарды коргогон тайманбас баатыры болуптур, ал дагы каза болуп ошол Монголдор менен болгон согушта каза болгон экен. Эл баатырын такыр унутпай ошол жерде «Оргочор» деп атаптыр.

      ***

      Кыргыз көчү аман калууну айласын издеп Нарын аркылуу түштүккө карай илкип-калкып кетип баратты. Көчтү эр жигиттер коргоп келет алар тынымсыз көчүп келатты. Антпесе монголдор бул көчтү түп оорду менен жок кылып кеткен жатпайбы. Көчтү башкарып келаткан бийдин ден соолугу жок, анткени ал майданда жарадар болбодубу. Бийдин башы айланып салмактанып турду. Ал карыяларга айтты:

      – Менин абалым начар атка да жүрө албайм го. Силер тынымсыз көчүп отуруп түштүккө кеткиле,– деп акырын алсыз үн менен айтты.

      Ошентип бий төшөк таянып жатып калды. Бир кезде ал эшикке чыкты. Улуу тоого ай батып бараткан экен. «Менин өмүрүм жылдыздардай жайнап, ай сыяктуу батып бараткан экен. Кыргызыма эмне бердим? Кара башымы ойлоп аларга зыян кылган жокмунбу? Улуу алакандай журтка эсте калаарлык бир жакшылык жасадымбы?» Ал ушуларды ойлоп жатып, улуу адам бул өмүр менен коштошуп тиги дүнөгө түбөлүк учуп кетти. Анын жаны денесинен чыгып, ободо калкып учуп, түбөлүк өлбөс жакка кетти. Бийдин сөөгүн ариеттеп таза жууп, өзү басып өткөн, ата-бабасы көргөн касиеттүү Нарын тоосунун эл каттап өтүп турган чоң белине коймой болушту.

      Туугандары үч жолу айтты:

      – Бий кандай адам эле?

      – Элдин таламын талашкан айкөл адам болчу.

      – Бий кандай адам эле?

      – Журттун камын ойлогон берешен адам болчу.

      – Элди жоодон коргогон баатыр адам болчу.

      Жыйылган элдин арасында үн чыгып жатты:

      – Жаткан жери жайлуу болсун!

      – Баатыр бийди түбөлүк унутпайбыз!

      – Топурагы торко болсун!

      – Эл коргогон баатырды эч убакта унутпайбыз!

      – Бийдин жакшы сапатын кийинки муунга айта барабыз!

      Журттун ушул үнү ай-талаага, аркы тоолорго шамал, жел менен угулуп жатты. Кийинки муундарга өлбөстүктүн шаңы, ата-бабанын урпактарга унутулгус дабышы тарап жаткансыйт. Айтылып жаткансыйт. Баатырдын сөөгүн жерге коюп жатып, денеси менен кошо өзүнүн