Кадыр Абакиров

Бабалардын жанырыгы


Скачать книгу

чыгам,-деп аркы жактан үч азамат кыйкырык таратты.

      – Кимдер?– деп жоон үнү менен ошол жакты карады.

      Бий узун бойлуу жеерде атчанды чакырды.

      – Мен чыгайын кадырлуу бий калмак баатыры оңой жоо эмес.

      – Ооба Самансур сен ушул калмак баатырына барабарсыңбы?

      – Ооба бийим мен чыгып көрөйүн.

      – Сенин минип турган атың начар экен алдырып ийип жүрбө.

      – Атты алмаштырайын, бул жаныбар өкүм эмес эң эле жалтак.

      Бий арыда турган жотолуу акбоз атчан жигитке кайрылды.

      – Сенин атың өкүм экен бербесиңби?

      – Ат жерге кирсин берейин,-деп атынан түшүп, тизгинди Самансур баатырга карматты.

      Самансур баатыр акбоз атты мингенде кадимки баатырдын элесин берип, башкаларды сестентип турду.

      Ал акбоз атты минип болкоюп баатырдын элесин берип атын таскактата жөнөдү. Кыргыздар:

      – Кыргыз!

      – Кыргыз!

      – Манас!

      – Манас!

      – Самансур!

      – Самансуп!– деп кайраттуу үн сала башташты.

      Эки баатыр бир-бирине кезек беришкен жок. Түз эле найза кылычты пайдаланып, ач карышкырдай болуп катуу кармашка өттү. Кылыч чабуу жагынан Самансур баатыр кыйын экен. Калмактын баатыры Эркашка калканын тосо коюп, Самансур баатырдын чабуулунан коргонуп жатты. Экөөнүн кармашы бир далайга созулгансып жатты. Калмактын аты өкүм экен Самансурду жөөлөтүп кеткенге аракет кылып жатты, бирок Акбоз ат дагы оңой эмес кенен төшүн тосуп анын каршылыгына оңой эле коргонуп жатты. Ошол кезде калмактын аты обдулуп келип, Самансур баатырды урду эле, кыргыз баатыры аттан шыпырылып түштү. Кыргыз тарап эмне болду деп, беш алты жигит Самансурга карай чапты. Эркашка ат тизгинин буруп ары бастырып кетти. Кыргыздар чаап келип, Самансур баатырды тегеректеп калышты. Чындыгында баатыр эч нерсе деле болбоптур, болгону атынын басмайлы үзүлүп, кулап түшүптүр. Кыргыздар аны атына мингизип алып кетишти.

      Эки тарап бул кармаштан кийин бир азга тынчтанып калышты. Калмак тараптан ким чыгаар экен деп күтүп жатышты. Алар чогулуп бир азга аңгемелешти. Анан калмак тараптан Кара аргымагын минип Эрдене баатырдын өзү чыкты. Жарыктык Эрдене баатырдын Кара аргымагы бир укмуш кулпунуп күчкө келип турган чагы экен. Жылкы жаныбар ар бир адамдын көңүлүн бурбай койбойт. Жал куйругу төгүлүп, кара жүндөрү жылт-жулт этип чагылып, аябай чоң буудан экен. Эрдене баатырдын кийинген зооту бир укмуш. Ал мактангандай эле бар окшойт. Калмак тарап «Эрденеге ким чыгаар экен»– деп күтүп жатты. Эки-үч баатыр «Мен чыгам» -деп үн салды.

      Долон бий:

      – Силер чыкмак белеңер Эрдене чыккандан кийин мен чыгам.

      Ошентип Акбоз атын минип найза сайышка Долон бий чыкты. Эрдене баатырга караганда Долонбийдин кийгени өтө жупуну эле. Эрдененин боюу бийик, бирок эмнегендир копол көрүнөт. Долон бий узун бойлуу денеси бүт тарамыш сөөк-саактуу, боюу чымыр тартып, кармаганын кайыштыра кармачудай түрү бар. Эр сайыш башталды. Булар кезектешип туруп бербей эки бөлүнүп бир-бирин качырып келип сайышууга