Кадыр Абакиров

Бабалардын жанырыгы


Скачать книгу

«оң», ал эми Кубул эненин сол эмчегин эмгендиктен анын тукумдарын «сол» деп аталып калды. Агуул башынан мырза чалыш, төрө пейил, сылык сыпаа, ачык кол, чынчыл жигит болуптур. Ал эми Кубул колдон суурулган, шумпай чалыш адам экен.

      Карыя мага алтын шилекейин чачыратып ушуларды көп жолу баяндап берген эле:

      – Балам билбейм, ушундай болгонбу же башкача болгонбу аны ким билет. Мен бул уламаны бала чагымда бир чоң атаман уккам. Ал мага ошол ата-тегиңди унутпай жүр, буларды жанагы ак кагазыңа жазып ал, – деп айтып берген эле. Карыя өзүнүн сөзүн ыр менен аяктаган:

      – Ай балам ай, балам ай,

      Алдыңдагы кашка жол.

      Ал кашка жол башка жол,

      Ата- бабаң ашкан жол.

      Алты шумкар сабалап,

      Учуп өттү бийиктен.

      Акылсыз деп, аташат

      Ата-текти билбесең.

      Жети шумкар сабалап,

      Учуп өттү бийиктен.

      Жетим уул деп аташат,

      Жети атаңды билбесең.

      Акылман карыянын улама ыры эсимен кетпей алыптыр.

      Анын санжырасын уулдарыма, неберелериме айтып бергим келет. Албетте ал карыя менен жолукканым мындан көп жыл илгери болгон. Ошол санжыра унутулуп калбасын деп ак кагазга түшүрүп койгом. Бул улама чынбы калппы ким билет. Бирок улама деген улама эмеспи, аны кабыл алыш ар бир адамдын өз эрки эмеспи.

      ***

      Долон бий небак эле касиеттүү ата-бабасы өскөн Теңир Тоого келип кыргыздар жакын уруулар менен табышып өз турмушун өткөрүп жаткан чагы эле. Алардын жашоосу көчмөн болгондуктан биринчи жерден экинчи жерге көчүп-конуп жүрүшкөн.

      Касиеттүү Теңир Тоого дагы Чынгыз хандын жоокерлери жакындап калган чагы эле. Алар чыгыштагы баардык жерди каратып, баш ийбегендерин жок кылып, талкалап, өрттөп келатты.

      ДОЛОН БИЙДИН ЭРДИГИ

      Калмактар Эки Нарын дарясынын аралыгын ээлеп алып кыргыздарга күн көрсөтпөй турушту. Калмактардын Эрдене баатыры өз журтунан жигиттерди бириктирип, кыргыз жерине каракчылык, басып алуу, барымта, мал уурдоо иштрин токтотпой жатты. Мына ошол күндөрдө Долонбий элдин камын ойлоп катуу санаага батты. Бир четинен түштүктө уйгурлардын кошууну кыргыздарга бүлүк салып турса, жанында калмактар кыргыз жерине кызыгып ыдык көрсөтүп турат. Бий бир канча жолу калмак тайшысына Эрдененин кылык жоругун эскертип кабарлады. Тайшы «Аны менен өзүңөр эсептешип алгыла, мен бир канча жолу эскерткем»– деген кайдигер жоопту айтты. Бий ары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры көпкөлөң тарткан Эрдененин тизгинин бир кагып эсине катуу салып коюуну ойлонуп жатты. Ал жигиттерди курап, түн ичинде ополоң-тополоң кылса деле болмок. Бирок ага барган жок. Көпкөлөң калмактар өчөшүп алып, кыргыз жерине катуу соккуну уюштурушу мүмкүн. Ошол үчүн ал Эрдененин кошуунун Эки Нарын дарыясынын аралыгы кенен жерге эр сайыш мелдешин өткөрүүгө чакырды. Беттешүүнү бугу айынын ортосу ченге белгиледи. Ошол күнгө карата кыргызд эр сайышка чыгууга бир канча жигиттерин даярдашты. Кыргыздар өзүнүн күчүн чыңап, темир эритип