Мирлан Бакытович Калдыбаев

Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору


Скачать книгу

дейт.

      Айлакер макул болуп, абышканын үйүнө жетип барат. Барса, чынында эле абышка-кемпир төшөгүн кенен салып, майды ортосуна алып уктап жатышкан экен. Айлакер жыла басып, төшөктүн жанына барат да, абышканын үнүнө окшотуп кырылдап, «кемпир, ары жат» деп кемпирди акырын түртүп коет. Кемпир арылап кетет. Андан кийин «абышка ары жат» деп кемпирдин үнүнө окшотуп, үнүн жасап абышканы түртөт. Абышка арылап кетет. Ушуну эле күтүп турган Айлакер карап турчубу, майды уурдап алып, чыгып кетет.

      Аңгыча абышка ойгонуп калып, эки жагын сыйпаласа, карындагы май жок. Абышка өзү да жаш кезинде кыйын амалдуу экен, бул иштин Айлакер колдуу болгонун түшүнүп, төшөгүнөн дароо тура жүгүрүп, Айлакердин атасынын үйүнө жетет. Барса бала үйүнө жете элек экен. Абышка үйгө кирип, бир чаканы уурдап алып чыгып, эшиктин алдынан тосуп тура калат. Аңгыча Айлакер майды көтөрүп алып келип калды эле, абышка: «Келе, балам, майды мага берип, буга суу алып жетип кел» деп, шаштыра колундагы чаканы кармата койду. Бала: «Өзүмдүн атам экен» деп, майды берип, чаканы алып сууга жөнөйт. Жүгүргөн бойдон суу алып келип: «Мына, ата, суу алып кел дедик беле» дейт.

      Айлакер алдатканын билет да кайта жүгүрүп, абышканын үйүнө жетет. Барса, абышка үйүнө жете элек экен. Үйгө кирип кемпирдин жоолугун алып, башына салынып, абышканы тосуп турат да, «Түлөөң курган чал, кайда кеттиң, эчкилериңди карышкыр кууп кетти» дейт. «Кайда кетти, ме майды» деп, абышка майды бере салып, эчкилерин издеп кетет. Айлакер болсо майды алып үйүнө келет. Абышка талаадан эчкилерин таппай кайта келсе, эчкилери короодо жатат. Аны көрүп кемпирине ачууланып: «Эчкини карышкыр кууп кетти дебедиң беле» дейт. Анда кемпири: «Сен эчкиге кеттиң беле, майга кетпедиң беле?» дейт. Абышка Айлакерге алданганын билип, өзүн санга бир чаап кала берет.

      АКЫЛ КАРАЧАЧ

      Илгерки заманда Каракан деген кан болуптур. Бир күнү Каракан өзүнүн кол астындагы элдерди чакырып алып:

      – Менин сурай турган үч суроом бар. Ошол суроого жооп берген адамга ат башындай алтын беремин, – деп өзүнүн карамагындагы элдерге кабар кылат. Кандын мамлекетиндеги эл чогулгандан кийин:

      – Биринчи, дүнүйөдө эмне таттуу? Экинчи, дүнүйөдө эмне катуу? Үчүнчү, дүнүйөдө эмне оор? – деп элге суроо берет.

      Ошондо бир балыкчы чал:

      – Мен табамын сурооңузду. Убадаңызды бузбасаңыз менин бир Карачач деген кызым бар, мен үчүн ошол айтып берсе болобу? – дейт.

      Андан Каракан:

      – Сиз үчүн кызыңыз айтып берсе болот, – дегенден кийин, экинчи күнү балыкчы чал кызын ээрчитип келет.

      Кыз:

      – Таксыр каным, «кандын суроосуна жооп бер», – деп атам ээрчитип келди, сурооңузду айтыңыз, жооп берейин, – дейт. Кан баягы cуроолорду берет. Карачач ойлоно калып чечмелеп кирет.

      – Балдан ширин – жигиттин алган жары, таштан катуу – жокчулук, жокчулуктун зары. Чын убададан – оорду көрө албадым! Мен деңиздин жээгиндеги балыкчы чалдын кызымын. Картаң ата- энемдин менден башка баласы жок. Атамдын балыктан башка күндөлүк тапкан табышы жок. Мен атама жардам берип,