Мирлан Бакытович Калдыбаев

Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору


Скачать книгу

көр, кулагың кереңби? Бооруң ачыса жеткирип бер, болбосо эмнеге куру сүйлөйсүң, – деп кыйкырып үнүн катуу чыгарды.

      – Ачууланба, чабалдык кылба, билем сенин эмне кылганыңды, балаңа той берүүнүн камын көрүп, азап тартып, убара чегип жатасын. Сен куу жаныңды кууратып эмне кыласың. Ыракаттан жүзүн көргөн жериң жок, дүйнөгө келгениңден кийин жыргайм деп ойлосоң боло. Отунчум куу жанынды кууратпай менин акылыма көн. Тетиги чоң ташты көтөргүн, астындагы чуңкурга колуңду салсаң бир тасторкон, бир бешмант, бир сака бар. Ошолорду алгын, көктөн тилегениң жерден табылат.

      – Аларды шаарга сатамбы? – деп Султаналы сураганда, жолоочу:

      – Кокуй, андай кыла көрбө, кайсы тамакты көңүлүңө түшүрсөң ошол замат даяр болот, каалаганча жеп, тасторконду кайра катып коюп жүргүн. Бешмантты кийип алсаң, эл көзүнө көрүнбөй каалаган жерге жетесиң! Саканы болсо, башыңа кыйын иш түшкөндө курал кыл. Саканы тамдын төбөсүнө коюп туруп анын артынан өзүң чуркап бар. Сака түшкөн жерде эшик ачылып калат. Ичине кирип ылдый түшсөң адамдын көңүлүн чайыткан бак пайда болот. Ортосунда чоң жолу бар, жол менен басып бараткаңда оң жагыңды карасаң бышып жетилген мөмөлөрдү көрөсүң. Бирок сол жакка карабай, ар убак оң жактын мөмөлөрүн же. Сол жактагы мөмөнү сага мурда ким жамандык кылса ошолорго берип жедир. Аны жегенден кийин алар таш болуп катып калат. Каргап туруп берсең, сен жаман санагандай болот. Кыскасы кандай ойлосоң ошондой болот, – деди дагы жолоочу көздөн кайым болду.

      Султаналы: «өңүмбү, түшүмбү», деп бир топко дал болуп туруп калып, араң- араң эсине келди.

      Султаналы жолоочу айткан чоң ташты ордунан жылдырып коюп, дагы колун ийнине чейин төмөн карай салып, төмөнүрөөк жибергенге коркту. «Колумду улам салам деп отуруп, өзүмдү сордурбайын, кой кемпиримди жардам бергенге алып келейин» деди. Үйүнө барып кемпирине сүйүнчүлөп, «жүр, кемпирим» деп, алып келди.

      Султаналы чөк түшүп отурду да, артынан кемпирине этегин карматып:

      – Сак бол, кокус мени ары карай тартса, сен бери карай тарт, андай кылбасаң мен өлдүм, – деди.

      Кемпири ээгин тиштеп, Султаналыны бекем тартып, кыйналып кысталып туруп тасторкон, бешмант, саканы сууруп алып чыкты. Кубанычтары койнуна батпай, абдан сүйүнүштү.

      – Кемпирим эмне жегиң келет? – деп жалт карады. Умсунай:

      – Сары майга бышырылган каттама болсо!

      – Мен да ошону каалаймын, – дей салды Султаналы. Ичинен сары майга бышырылган каттама чык, – деп тасторконду ачты эле, тасторкон толду, өлгөнчө жеп тоюшту.

      Баягы жолоочу айткандай жеп бүтүп, кайра жаап коюшту. Айт тамактар болуп, береке жайнап ырахаттын жүзүн көрө башташты.

      Анан бешмантты кийип, Султаналы шаарга чыкмакчы болду. Бешмантты алып, жолоочу айткандай эч кимге көрүнбөй шаарга кирип барды. Султаналы шаарды аралап, бир жерди караса набайчы нан чыгарып жатыптыр, «ушундан бирди алып көрөйүн, билинер бекен, билинбес бекен», деп нанды алды дагы, тыяк- быякка карап көрдү. Бир аз басып, кайра турду, набайчы аны менен иши да болбоду.

      Султаналы дагы сынап,