Мирлан Бакытович Калдыбаев

Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору


Скачать книгу

кайра кийгизип коет. Баланын жолдоштору «бул бала бүркүтүн эмне салбайт, калтарды бизге ыраа көрбөй турат го» дешип наалышат.

      Бала томогону алып бүркүттү шилтейт. Бүркүт калтарга карабай асманга кетет. Калтар болсо алдыңкы эки бутун көтөрүп асманды тиктеп калат. Бүркүт өтө бийик көтөрүлүп, карааны көзгө көрүнбөй үлбүлдөп калган кезде шукшурулуп тик сайылып келип калтарды башынан мыкчый кармап көккө көтөрүлдү да, жерге таштап жиберди. Калтарды алышкандан кийин жолдоштору: – Эки жолу бүркүттүн томогосун алдың, бирок салбадың, үчүнчү жолу гана салдың, мунун себеби кандай? -деп баладан сурашат.

      – Биринчи жолу асыл менен асыл кантип беттешет деп бүркүттү калтарга салууга колум барбады. Экинчи жолу асылды асыл кантип кыят деп салууга колум барбады, үчүнчүсүндө тобокел деп чымырканып туруп бүркүтүмдү кое бердим, бүркүттүн асманга бийик чыкканынын себеби, ал канчалык бийик көтөрүлсө, ошончолук тиктей берип түлкүнүн көзүнө жаш толот, качырып келе жаткан бүркүттү көрбөй калат. Акчекир деген бүркүт ушул, -деди бала.

      Эл: «Чынында байдын кызы балага ылайык экен» дешип, баланы үйлөндүрүп-жайландырып коюшат.

      ЖЫЛАН МЕНЕН КИШИ

      Илгери- илгери бир дыйкан болгон экен. Эгинин отоп жүрсө, жакын эле жерден ышкырган дабыш чыгат. «Эмне болду экен?» – деп карай калса, бет маңдайында эки- үч кадам аралыкта эгинден да бийигирээк болгон жылан куйругу менен тикесинен турат. Дыйкан апкаарып жыланды тиктеген боюнча туруп калат. Баягы жылан да кишиден көзүн албай, тостоё тигилет. Дыйкан да көзүн ирмебей көпкө чейин карап тура берет.

      Бир топтон кийин дыйкан жылан менен арбашып калганын билип, бир аз эсин жыйып, мындай учурда эмне кылуу керзк экенин элден уккандары боюнча жасоого аракет кылат. Жылан менен арбашып турганда ал кыймылдап, же бурулуп кетпей, жыландын атын табууга аракет кылып, ар кандай ысымдарды айта баштайт: «Мар», «Могой», «Мокочо», «Кайыш», «Айнек», «Айнеккөз», «Уу», «Заар», «Чаар»!

      Бирок жылан эч кыймылдабай тикесинен катып турат. Дыйкан жыландын аты ушул болуп калбасын деп болжогон сөздөрүн жобурап улантат. Бирок таба албайт. Жылан анда- санда ышкырып коюп, тилин соймоңдотуп, дыйкандан көзүн албай кыймылсыз. Булардын арбашуусу созула берип, бир топ убакыт өтөт.

      Түш ченде дыйкандын кызы атасына тамак алып келет. Келсе, атасы жылан менен тиктешип турат. Атасы күндүн ысыгына какталып тура берип, бүткөн боюнан шорголоп тер кетип, деми кыстыгып, ичи көөп бара жаткан экен. Жыланды караса анын да ичи көөп, шайы кетип, көзү тостоюп чанагынан чыгарына аз калыптыр. Кыз жүрөгү түшүп бир кадам жасай албай каккан казыктай туруп калат.

      Кызыын келгенин билген дыйкан: «Топчумду чеч!» – деп айтууга гана араң кудурети келет. Эмнегедир шол замат баягы жыландын ичи тарс эте жарылып, сулап жатып калат. Көрсө, жыландын аты «Топчу» экен. Жыландын аты табылган соң, ичи жарылып кетиптир.

      Жылан менен арбашкан адам, жыландын атын таба албаса ичи көөп, жарылып өлөт экен.

      Ошентип дыйкан жыланды жеңип бала- бакырасы менен аман- эсен оокатын кылып жатып калган экен.