Мирлан Бакытович Калдыбаев

Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору


Скачать книгу

келе жатса, шаардын четинде бир кыз отуруптур. Көрсө, ал хандын кызы экен. Ат башындай алтынды алып бир жигит менен качмак болуптур. Ууру келер замат кыз:

      – Жүр, кеттик, – деп атка минип жөнөшөт.

      Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп ууру кыз менен баягы баатыр ченчиге келип:

      – Ээ, баатырлар, ата казынасы кызбы, же алтынбы?

      – Ата казынасы кыз, – деп жооп беришет.

      Баягы үчөө кызды ээрчитип жүрүп олтуруп бир жерге келгенде ченчи:

      – Ой, баатыр, баягы шакекти менин атым басып калды, ала кой! – дейт.

      – Калп айтпасаңчы, атыңдын бутунун астындагы шакекти кантип эле биле койдуң? – дейт.

      Ченчи:

      – Атыңдан түшүп, батыраак кара, – дейт. Баатыр түшүп, изин караса, шакек жатат.

      Баягылар бир жерге келгенде жаан жаайт. Ченчи менен ашкан ууру баатырга:

      – Сен баатыр эмессиңби, мүрзөдөгү жыгачтарды алып кел, – дейт.

      Ошентип коюп ууру дароо барып жыпжылаңач болуп, баткакка оонап, төбөсү ачык көргө кирип кетет. Баатыр болсо бир бейиттин жанына барып муштагылап жыгачты алып, бир тең отунга жеткирип, бутун үзөңгүгө саларда, ууру кыйкырыкты салып:

      – Сен малды айдап, майды чайнап жүрөсүң, биздин үстүбүзгө көлөкө кылган жыгачты да аласыңбы?! – деп жакадан алат.

      Ошондо да баатыр кабагым кашым дебей:

      – Сен эрте өлүп кудайга бардың, сага теңелип биз да ачка өлөлүбү, – деп ууруну жыга муштап, отунду арта салып жайбаракат кете берет.

      Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп кыз үчөө бир айылга келип: «Кимибиздин өнөрүбүз күчтүү» – деп казыга калыстыкка барышты. Ар кимиси өз өнөрүн төкпөй-чачпай айтып берет.

      Ошондо казы булардын өнөрлөрүн угуп отуруп:

      – Баарыңдан баатырдын өнөрү ашык экен, – деп кызды баатырга берет.

      АК БУЛУТТУ АТПАГЫЛА

      Түн жаңыдан кирген кезде таенем экөөбүз үйдүн алдында отурганбыз.

      Жаркырап тийген айдын аянычтуу жарыгына чагылышып, томуктай болгон апапак булут тоонун боору менен акырын жылып, таенем экөөбүздүн жаныбыздагы булакты көздөй сүйрөлүп келатты. Табияттын мындай сулуу көрүнүшү мага аябай жакчу. Чуркасаң эле жетип барчудай болуп аппак булут бизге өтө жакын келди.

      Тиги булутту кармап келейинби, таене?

      Шүк отур, чочутасың,дейт таенем да булутту суктана карап, —булактан суу ичкени келген го, жаныбар.

      Ой таене, кызыксыз го. Ал деген бууланган эле аба да.

      Жок, дейт таенем. Бул булуттардын ыйыгы, күмүш булут экен, эгер сен муну үркүтчү болсоң, табияттын каарына калабыз, деп анан таенем адатынча мага табият жөнүндө жомогун айта баштады.

      Илгери кайсы бир замандарда хан ууга чыгыптыр. Уудан келе жатканда ушул булактан суу ичип турган күмүш булутту карап туруп хандын бир жигити:

      Ханым, тетиги ак булутту көрдүңүзбү? Муну “күмүш булут” дейт, эгер ким атып түшүрүп жуунса, денеси аппак сулуу болот имиш,деп калат. Муну уккан хан жигитин шылдыңдап күлөт да, бул жигитти “экинчи жалган айтпас кылайын” деп мээлеп туруп булутка жаасын кере тартат. Булуттан шыңгыраган үн чыгат. Таң калган хан чаап жетип барса уча качкан булуттун