Мирлан Бакытович Калдыбаев

Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору


Скачать книгу

аман барасың. Сага жолдон эки коркунуч кездешет. Биринчиси күн абдан ысык болгондо суусарсың. Баратканда алдыңдан бир өзөн суу жолугат, канчалык суусасаң да суудан ичпегин. Андан өтүп уктагың келет, түбү чөп, салкын, бир ак терек бар, ал актеректин түбүнө уктабагын. Уктасаң соо болбойсуң. Менин ушул эки сөзүмдү аткарсаң, үйүңө аман барасың, -деп акылын айтат. Карышкыр аларды жолго салып коштошуп, өз жайына кетет.

      Болгон кыз менен бир күн, бир түн жүргөндөн кийин күн аябай ысык тиет. Болгон аябай суусайт. Ошондо «сууну кайдан из-деп табамын» -деп ойлоп келатканда алдынан өзөн суу агып жатканын көрөт. Болгон атын сугарып, өзү да ичмекчи болот. Бирок, кыз Болгонго суу ичирбей коет. Ал өзөндөн өтүп жүрүп кетишет.

      Андан кийин Болгондун суусаганы басылып, чарчап уктагысы келет. Ошентип келе жатканда алдынан бир чоң ак терек кездешет. Болгон ошол теректин түбүнө эс алып жаткысы келет. Кыз каршы болот, бирок кыздын сөзүнө кулак салбай, Болгон атын тушап, жамбаштап жатып, көзү илинип кеткенин билбей калат.

      Болгон чочуп ойгонсо, эки көзү жок, үңүрөйгөн орду гана калган. Эки жагын сыласа кызы да, аты да жок. Эмне кылар айласын таппай отуруп калат.

      Бир аздан кийин баягы карышкыры келип:

      – Менин айткан тилимди албай көзүңдөн айрылдың, -деп бир ууч топурак менен көзүнүн ордун укалап, айыктырып коёт. Болгон окуяны карышкыр угуп мындай дейт:

      – Ашыгыңды, кушуңду, атыңды табабыз, кел, аркама мингин – деп баланы аркасына мингизип алып, желмогуз кемпирди издеп жолго чыгат.

      Кырлардан, белестерден, ашуулардан, токойлордон, чоң суулардан өтүп, бир кошко кирип келет. Болгондун көзүн ойгон желмогуз кемпирди ошол жерден карышкыр таап берип:

      – Кыз менен күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды, кушту тапкын же сени азыр жеймин, -деп кемпирди коркутат. Ошондо кемпир калтырап:

      – Карышкыр, Карышкыр, менин жанымды калтыргын. Кушту дагы, кызды дагы, күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды дагы тиги суунун жакасындагы калың камыштын арасына барсаңар табасыңар, -дейт.

      Кемпирди эки бүктөп отко салып өрттөшүп, кемпирдин баласын издеп жөнөшөт.

      Бир нече күн жол жүрүп, суунун жакасына барып карашса, асман тиреген бир үй турат. Үйгө киришип, кызды табышат. Кыздан желмогуз кемпирдин баласын сурашат. Ошондо кыз:

      – Энесин өлтүргөндү угуп, желмогуз кемпирдин баласы жумуртка болуп кубулуп, алтын куштун астында, камыштын арасындагы уясына кирип коркуп жатып калды, -дейт.

      Карышкыр менен Болгон камыштын арасынан уяны таап, алтын куштун алдын аңтарып жумуртканы көрүшөт. Болгон жумуртканы алып, колу менен кыса баштаса, желмогуз кемпирдин баласы:

      – Өлтүрө көрбө, коломтодогу күлүң болуп берейин, -деп жалынат.

      Анда карышкыр:

      – Калп эле жалына бербегин, желмогуз, тукумуна жана элге кайрымы жок, -деп катуу кармап жиберсе, ошол жерде жаны экен, сулап жатып калат. Кушту, кызды, күмүш куйруктуу айгырды алып, андан кийин Карышкыр Болгонду адашпай тургандай кылып жолго салып жиберет. Коштошордо Болгон Карышкырга мындай дейт:

      Сен мага аябай кайрылышып,