Мирлан Бакытович Калдыбаев

Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору


Скачать книгу

-деп жооп берет. Анда дос житити:

      – Өңүндүн саргарганын сен билбесең, мен билем. Аялың аял эмес, карган ажыдаар. Бул карыганда оокат кыла албай калганда кубулуп келин болгон. Муну алдың, азапка калдың. Өзүңдү баш кылып бул шаарды сордурасың, -дейт. Сулууну алган жигит ишенбейт: «Кантип эле ажыдаар аял болуп калсын», -деген ойго келет. Анда берки дос жигити:

      – Болуптур, мага ишенбесең бара көрөбүз, -дейт. – Сен бүгүн түнү чыпалагыңды кес. Чыпалагыңды чынанган тузга малып жат. Аялың таңга маал уктайт, ошоңдо курсагын сына, киндик болсо аялың киши, киндиги жок болсо, аялың кар-таң ажыдаар, элдин убалына калба, -дейт.

      Баягы жигит досунун тилин алып, колун кесип тузга малып, аялынын ичин сыйпаласа, киндиксиз. Шек алдырбай эртең менен эрте туруп:

      – Сенин айтканың чын экен, -деп досуна баягы сөздү жашырбай айтат. Анда досу:

      – Мен сенин сулуу аялыңды көрө албагандай ойлодуң эле. Бүт иш чындык болду. Бирок аялыңдын эки айлык боюнда бар. Ошол аялың төрөгөнчө, соода кылам деп бир шаарга кет. Тогуз ай, тогуз күндү болжоп үйгө кел. Ошол учурда аялың толготуп төрөйт. Ошо менен макул болуп шаарга кетип, айтканындай тогуз айда кайта келип досуна учурайт.

      – Эми бүгүн аялың толготуп жатат. Бала жуп төрөлүп түшүп баратканда, аялыңдын мойнун кыя чап! -деп колуна кылыч берет. Ошондо сөөгү эрип, көлкүлдөп жумшап калат. Бир өлтүрсөң ошондо өлтүрөсүң. Бирок баланы ылдам ал, -дейт.

      Айтканындай төрөп жатканда кылыч менен аялынын мойнун кыя чапса, башы өгүздөй, денеси кырк кулач ажыдаар болуп сулайт. Баягы аял эркек төрөйт. Баланы антип-минтип энесинин алдынан алганча, энесинин мойнундагы эки тамчы кан баласынын көкүрөгүнө таамп калат. Баланы ороп:

      – Эмне кылам, -деп баягы досуна барат. Ошондо досу:

      – Аялыңдын терисин сыйрып алып, калган денесин өрттөп ийгин! -деп колуна бир куура кестик берет. Кара кестик менен ажыдаардын терисин тилсе, ажыдаардын терисинин калыңдыгы үч карыш болот. Терисин сыйрып алып, денесин отко өрттөйт. Ушуну менен бала чоңоет. Он сегиз жашка чыккан учурунда бир көтөрүп келген отуну бир шаардагы элге бир кышка жарайт. Бир ичкенде бир шаардын тамагын бир ичкен, ушунчалык алп, күчтүү бала болот. Күңдөрдүн биринде баягы досу учурайт.

      – Ии, досум, баягында мага ишенбей, аялымдын сулуусуна ичи тарып жатат деп ойлодуң эле. Бул чындык болду. Эми балаң кандай? -деп сурады. Аңда сулуу аял алган жигит:

      – Таң, билбейм, баланын бир көтөрүп келгенин бир шаар бир жыл оокат кылат. Бир жолу ичкенде бир шаардыкын бир эле ичет. Аңда досу айтат:

      – Болуптур, досум, мени достукка санап, балаң экөөң тезинен үйгө келип, конок болуп кет, -дейт.

      Берки жигит макул болуп, алты күндөн кийин барса, берки досу бир темирден үй жасайт. «Темир үйдүн ичин кызыл-тазыл кооз кылат. Өзү ачылып, өзү жабылган эки жагынан эшик жасайт. Досуна жакшылап тамак берет. Баягы баласы экөөн ээрчитип темир үйгө астына өзү, ортосуна досу, артынан бала кирет. Өзү менен досу мурда чыгат. Баягы үйдүн ичиндеги кооздолгон нерсени карап, бала алаксып ошол үйдө калат. Эки дос ээрчишип