Guldana Murzakulo

Türkiye'de Kırgız Araştırmaları


Скачать книгу

бири катары өз ара тил, тарых, адабият ж.б. маданий тармактардын изилдениши, үйрөтүлүшү керек. Өз ара котормо иштеринин жана колдон келсе биргеликте орток долбоорлордун жүзөгө ашырылышы керек. Жазылган эмгектерди таанытуу – ошол мамлекеттеги изилдөөчүлөрдү, же болбосо толук изилденбеген тармактарды тактоо жана изилдөөчүлөргө жыйнак катары адабияттарды сунуштоо аркылуу жол көрсөтүү үчүн маанилүү.

      Түркияда кыргыз тили жана адабияты багытында мурунтан эле кээ бир изилдөөлөр жүргүзүлгөнү менен кыргыз тили, адабияты, тарыхы, маданияты ж.б. темалардагы изилдөөлөр 1990-жылдан кийин дагы да өркүндөгөн. Кыргызстан көз карандысыздыгын жарыялаган жылга чейин кыргыздар жөнүндө Түркияда жарыкка чыккан макалалардын жалпы саны 135 гана болгон.1471991-жылдан кийин илимий изилдөөлөрдүн саны бир топ жогорулаган.

      1990-жылга чейин Түркияда жазылган эмгектердин кыргыз тилине караганда кыргыз адабияты, айрыкча «Манас» эпосу жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча болгондугу байкалат. Түркияда кыргыз адабияты боюнча биринчи болуп изилдөө жүргүзгөн илимпоздордун сап башында Мехмет Фуат Көпрүлү турат. Түрк калктарынын тарыхы жана адабияты боюнча көптөгөн эмгектери болгон Көпрүлү кыргыз адабияты менен дагы алектенип, ар кыл эмгектеринде кыргыздардын «Манас» эпосу жөнүндө жазып калтырган. Көпрүлү 1926-жылы жарыкка чыккан «Түрк адабияты тарыхы» аттуу эмгегинде түрк дастандарын географиялык аймактарына жараша үчкө бөлүп, «Манас» эпосун «Боз кыр аймагында жарыкка чыккан эмгектер» аттуу теманын алдында караган. Анын «Манас» жөнүндөгү пикирлери ошол эле эмгектин «Караханиттер доорунда түрк адабияты» деген темасынын 9-бөлүмүндө «Манас эпосу» деген ат менен калемге алынган. Ал, «Манас» эпосун XI-XII кылымдарга, башкача айтканда Караханиттер дооруна жайгаштырып, Манасты Чыгыш Тянь-Шандан Анадолуга чейин эскерилип келген каарман катары баалайт. Көпрүлү «Манас» эпосун мусулман менен каапырдын жана көчмөн турмуш менен отурукташкан турмуштун кагылышуусун көрсөткөн чыгарма катары эсептейт.148 Түркияда «Манас» эпосу боюнча алгачкы диссертациялык изилдөө 1934-жылы Көпрүлүнүн жетекчилиги алдында Шазие Берин тарабынан даярдалган. Көпрүлү 1935-жылы башка студентинин «Манас» эпосу боюнча дипломдук ишине да жетекчилик кылган.149

      Түркияда 1990-жылга чейинки мезгилдерде «Манас» эпосу боюнча иш алып барган, «Манас» эпосун Түркиянын илим чөйрөсүнө тааныткан илимпоздордун сап башында Абдүлкадыр Инан турат. Ал – көбүнчө элдик адабият, фольклор, түрк дини жана тарыхы, этнография, түрк тилдери боюнча изилдөөлөр жүргүзгөн, түрк тилдери менен биргеликте арапча, фарсча, орусча жана немис тилдерин билген, 1925-жылдын июль айында Түркияга келип 1976-жылдын 1-октябрында Анкарада дүйнө салган башкурт илимпозу.150 Түркияда «Манас» эпосу боюнча илимий эмгектерди 1934-жылы Инан баштаткан десек жаңылышпайбыз. Инандын «Манас» эпосу боюнча бир топ макалалары бар. Автор ал эмгектеринде эпос жөнүндө