Guldana Murzakulo

Türkiye'de Kırgız Araştırmaları


Скачать книгу

дүйнөнүн бир топ тилине которулганы менен эч бир өлкөдө Түркиядагы сыяктуу жактырылып баркталбаса керек. Азыркы учурда Түркияда Айтматов жана чыгармалары жөнүндө жүздөгөн эмгектерди учуратууга болот. Айтматовдун түрк тилине которулган алгачкы чыгармасы 1969-жылы жарык көргөн «Копар зинжирлерини Гүлсары (Гүлсарат)» болуп эсептелет. Кийинчерээк, 1974-жылы алты чыгармасы «Жем» басмаканасы тарабынан жарыяланган. Айтматовдун чыгармаларынын жарыкка чыгышы 1990-жылдан тарта көбөйө баштаган. Кийинки жылдарда Айтматов жана чыгармалары боюнча бир топ дипломдук иштер, макалалар жана китептер жазылган.157

      1990-жылга чейин Түркияда кыргыз тили жана адабияты боюнча аткарылган кээ бир эмгектер жана котормолор дагы болгон.158

      Түркияда кыргыздардын тили, адабияты, тарыхы, маданияты ж.б. жаатындагы изилдөөлөрдүн 1990-жылдан баштап Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы түздөн-түз байланыштардын башталышы менен абдан кѳбѳйгѳндүгүн жогоруда айтып өттүк эле. Кыргызстандын Орто-Азияда көз карандысыздыкка ээ эң демократиялык өлкө болушу, өлкөгө кирүү-чыгуунун жеңил болушу, кыргыздардын өтө бай оозеки жана жазма адабиятка жана фольклорго ээ болушу, адабият булактарынын оңой менен табылышы жана албетте түрк изилдөөчүлөрүнүн кыргыздарга жана алардын тилине, маданиятына болгон кызыгуусу жана сүйүүсү изилдѳѳлѳрдүн Түркияда кѳбѳйүшүнѳ таасир эткен. Бул бир гана тил, адабият жана маданият тармагында гана эмес, тарых, география, экономика, саясат, эл аралык мамилелер, туризм, археология, саламаттыкты сактоо, гастрономия сыяктуу тармактарда дагы байкалат.

      Буга чейин Түркияда кыргыз тили жана адабияты боюнча бир нече библиографиялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Алардын алгачкы экөөсү Хайреттин Ивгин тарабынан 1987-жылы жана 1990-жылы даярдалган.159Андан кийин 1995-жылы Асуман Субашы тарабынан «Түрк эдебияты» журналында «Түркияда Манас изилдөөлөрү» аттуу макала жарыяланган.160 Ошол эле жылы Гүзин Турал жана Нажие Йылдыз эпостун түркчѳ библиографиясы боюнча макала даярдашкан.161 2003-жылы Алпаслан Демирдин «Манастын библиографиялык очерки: Түркияда Манас изилдөөлөрү» аттуу макаласы «Манас» университетинин коомдук илимдер журналында жарыяланды.162 Ошол эле журналда 2004-жылы Фахри Солактын тил, адабият, география ж.б. ар тармактуу изилдөөлөрдү камтыган Кыргызстан жөнүндөгү эң көлөмдүү библиографиясы жарыяланган.163 Тарыхчы Абдрасул Исаковдун да бул темаларда бир канча макаласы басылып чыккан.164 2013-жылы Жаштегин Тургунбаев «Кыргызстан жана кыргыздар жөнүндө түрк тилинде академиялык эмгектердин библиографиясы: 2009-2012-жылдар» аттуу макаласын жарыялаган.165 2014-жылы Абдурасул Исаков менен Гүлдана Мурзакулованын «Түркияда билим алган кыргызстандык магистрант жана докторанттардын диссертациялары» аттуу эмгеги «Кыргызстан достук жана маданият коому» тарабынан жарыяланган.166 2015-жылы Шуле Гезердин «Түркияда кыргыз дастандары боюнча жасалган эмгектер» аттуу макаласы,167