Guldana Murzakulo

Türkiye'de Kırgız Araştırmaları


Скачать книгу

тарыхын жалпы түрк тарыхынын ичинде чагылдырганга аракет кылган.

      2016-жылы Карутц Рихарддын саякатнаамасынын бир бөлүмү «Мангышлактагы түркмѳндѳр жана кыргыздар» деген ат менен басылып чыккан.132 Кемал Полат тарабынан орусчадан түркчѳгѳ которулган эмгектин ичинде кыргыздарга байланыштуу эч кандай маалыматтын болбогонун баса белгилей кетели.

      Абдрасул Исаков тарабынан 2014-жылы Анкара университетинде корголгон «Кыргыз-моңгол мамилелери» аттуу доктордук диссертациясы 2017-жылы «Түрк тарых коомунун» басмаканасынан китеп катары басылып чыккан133 Ушул жерде баса белгилей кетчү нерсе, кыргыздардын башка калктар менен мамилесинин тарыхын чагылдырган эмгектер Түркияда башка темалардагы эмгектерге салыштырмалуу кѳп жарыяланган.

      2017-жылы кыргыз этникалык тарыхы боюнча Ахмет Сагламдын китеби жарыяланган.134 Кыргыздардын этникалык кимдиги жана мамлекеттүүлүк тарыхы боюнча Түркияда азырынча башка ушундай китеп басылып чыга элек.

      2013-жылдын 3-5-май күндѳрү Бурса шаарындагы Улудаг университетинде кыргыз-түрк тарыхый мамилелеринин маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги эл аралык симпозиум ѳткѳрүлгѳн. Кыргызстан жана Түркия президенттеринин эгедерлигинде уюштурулган илимий иш-чарада окулган докладдар 2017-жылы атайын китеп болуп Улудаг университети тарабынан жарыяланган. Проф. Д-р. Гүлзура Жумакунованын редакторлугунда кыргыз жана түрк тилдеринде жарыяланган эки томдук китепте 39 доклад камтылган. Бул докладдарда байыркы жана орто кылымдар менен эгемендүүлүк жылдарындагы кыргыз тарыхынын ар кыл темалары талкууга алынган.135 «1-эл аралык байыртадан бүгүнкүгѳ чейинки кыргыз-түрк мамилелери симпозиуму докладдары» аттуу эмгек Түркияда кыргыз таануучулар үчүн пайдалуу булак болуп калды десек жаңылышпайбыз.

      2018-жылы Аида Кубатованын Кыргызстандагы жедидчилик тууралуу эмгеги түрк тилине которулуп, «Бенгү» басмаканасынан басылып чыккан.136 Кубатованын бул китеби жана Эбубекир Гүнгѳрдүн эмгектери кыргыз жедидчилиги, XIX кылымдын аягы жана XX кылымдын башындагы Кыргызстан тарыхы боюнча маанилүү булак болуп калды десек болот.

      Ушул жерде айта кетчү нерсе, 1992-жылы Кыргыз жана Түрк Республикасынын Билим берүү министрликтери келишим түзүп, мектептер үчүн орток түрк тарыхы жана адабияты окуу китептеринин даярдалышын илимпоздорго тапшырышкан. Кыргыз тарыхчылар Тынчтыкбек Чоротегин, Кыяз Молдокасымов, Токторбек Өмүрбеков ошол долбоордун алкагында атайын кыргыз тарыхы китеби даярдашкан. Даярдалган ошол китеп алигиче басылып чыга элек.

      Кыргыз тарыхы тууралуу китептер боюнча жогоруда айтылган маалыматтардан байкалгандай эле, Түркияда кыргыз тарыхчыларынын калемине таандык болгон жана кыргыздардын тарыхын баштан аягына чейин (байыркы доорлордон азыркы доорго чейин) толугу менен чагылдырган кѳлѳмдүү эмгек даярдалып чыккан эмес.

      Кыргыз тарыхы боюнча китептерден турган библиография

      1. AKAYEV, Askar, Kırgız Devlet Geleneği ve Manas, Rusçadan Çev. Saliha İbrahimova, Ergeşbay Rahmanov, Tuğba Şimşek, İstanbul: Da Yay., 2003, 407 s.

      2. AKMATALİYEV, Abdıldacan, Kırgız Folkloru ve Tarihi Kahramanlar, Çev. Kalmamat Kulamshaev, Ankara: Atatürk Kültür Merkezi Yay.,