Guldana Murzakulo

Türkiye'de Kırgız Araştırmaları


Скачать книгу

Изникте курулган, бирок азыркыга чейин сакталып калбаган Ажы Хамза мечити,82 сүрөттөрүнөн көрүнүп тургандай, айбанчасы бар кириш бөлүмү кенен, сырткы көрүнүшү да Кыргыздар күмбөзү менен байланышы бар экени далилдеген бир үлгү катары маанилүү. Кириш бөлүмү айбанчалуу 1450-жылы курулган Бурса Абдал Мехмед күмбөзү83 кийинчерээк курулганы менен имараттын негизги бөлүмүнүн чамгарактуу болушу, айбанчалуу кириши жана курулуш комплексинин окшоштуктары боюнча Кыргыздар күмбөзү менен салыштырылса боло турган күмбөздөрдөн бири. Бурса Абдал Мехмед күмбөзүнүн чамгарагы жапыз, устундары да кыска, кириштеги айбанчасы Кыргыздар күмбөзүнө салыштырмалуу аябай эле тар, жапыз жана терең эмес. Кыргыздар күмбөзүндө айбанча жандарына чыгып турат. Бул жерде болсо, андай нерсе жок. Эки күмбөздүн айбанчалуу кириши менен негизги чамгарактуу бөлүмдөрүнүн бириккен жерлери бирдей. Албетте, бул жерде Кыргыздар күмбөзүнө кийинчерээк кээ бир кошумчалардын жасалганын, дубалдары менен устундарынын бийиктетилип, мунун натыйжасында чамгарактын жапыз көрүнүп калганын да эсепке алуу керек. Кыргыздар күмбөзүнүн айбанчасы кенен, аркасы тегерек. Бурса Абдал Мехмед күмбөзүнүн айбанчасы тар, аркасы болсо сүйрү жасалган.

      Кыргыздар күмбөзүнүн дубалы архаикалык мүнөзгө ээ болуп таш, кыштардын аралаш колдонулушу – Осмон Империясынын алгачкы дооруна тиешелүү өзгөчөлүк. Устундардын бийик, терезе аркаларынын тегерек формада, устун терезелеринин жыгачтан болушу да Осмон Империясынын алгачкы дооруна тиешелүү экенин далилдеп турат десек болот.84 Күмбөздөгү төрт бурч дубалдан чамгаракка өтүү, чамгарактын бурчтары, булардын ортолорундагы арка тизмегинин сегиз бурч аркылуу бири-бирине туташтырылыш системасын XIV кылымдагы Осмон Империясынын алгачкы доорундагы жана ошол эле доордогу бектиктердин имараттарында да колдонулганын көрүүгө болот.

      Кыргыздар күмбөзүнүн кенен аркасы жана калкан дубал сымал көтөрүлгөн чекелери чыгып турган кириш бөлүмүнүн дизайнынан Орто Азия түрк архитектурасынын издерин учуратабыз. Өзгөчө, айбанча стилинде даярдалган арка тараптагы имарат бөлүгүн көрсөтпөй турганчалык бийик эшиктер Орто Азия архитектурасында кеңири колдонулган. Анчалык чоң эмес күмбөздөрдө деле бул эшиктердин жаңыланып, ар дайым алдыңкы планга чыгарылганын көрөбүз. Кыргыздар күмбөзү менен бул күмбөздөр ортосундагы окшоштук – сөөлөттүү жана комплекстин жалпысына эгемен бир кириш пикирине басым жасалганы десек болот. Кыргыздар күмбөзүнүн кириш бөлүмүндө эшиктин ордуна айбанчанын болушу жогоруда сөз кылынган мисалдардан айырмалануу менен бирге, чакан күмбөздөрдө айбанча аркылуу берилген таасир Орто Азия курулуштарында эшик аркылуу берилген күчтүү таасирге окшошконун белгилей кетүү керек.

      Жыйынтыктап айта турган болсок, Осмон Империясынын алгачкы дооруна тиешелүү деп эсептелген Кыргыздар күмбөзү, өткөөл доордогу бардык курулуштар сыяктуу эле XİV кылымдагы Анадолунун ар кошкон чөйрөсүндөгү түрдүү