Guldana Murzakulo

Türkiye'de Kırgız Araştırmaları


Скачать книгу

бир канча жылдан бери уланып келет....»52 – деп жазат. П.П. Семенов көчмөн кыргыздардын ортосундагы ич ара кагылышууларды жайыт, калыӊ төлөө, соода-сатык талашынан улам жаралган көрүнүш катары баалаган. Мындай көз карашты башка орус саякатчылардын эмгектеринен да кездештирүүгө болот.

      Этнографиялык багыттагы изилдөөлөр

      Кыргыз элинин салттуу билими, үрп-адаты, каада-салты, үй-бүлөлүк турмушу ж.б. көчмөн турмуштун ар кыл жагдайларын чагылдырган этнографиялык багыттагы изилдөөлөр Ч. Валиханов, В. Радлов, Н. Зеланд, Н.А. Аристов, Г. Загряжский, А. Диваев, Н. Ситняковский, Н.А. Северцов, А.Н. Краснов, М. Венюков, В.И. Кушелевский ж.б. авторлор тарабынан жасалган.

      Кыргыз элинин материалдык, руханий маданияты, диний ишенимдери туурасында изилдеген окумуштуулардын бири Ч.Ч. Валиханов кыргыздардын уруулук курамы, «Манас» эпосунан үзүндү, элдин диний ишенимдери, тамак-ашы, турак-жайы, кол өнөрчүлүгү ж.б. маселелерди чагылдырган эмгектерди жараткан.53 Окумуштуу тарыхый-этнографиялык материалдарды XIX кылымдын экинчи жарымында кыргыз жергесине келген учурда ысык-көлдүк кыргыздардын арасынан чогултканы маалым.

      Изилдөөчү Н.Л. Зеланддын54 эмгегинен кыргыздардын чарбасы, кол өнөрчүлүгү, үй-бүлөлүк турмушу ж.б. этнографиялык кызыктуу материалдарды алууга болот. Бул эмгек Жети-Суу областында жашаган кыргыздар жана казактар жөнүндөгү изилдөөлөрдүн бири болуп саналат. Анда кыргыздар менен казактардын жашоо-турмушу, алардагы окшоштуктар, салты, музыкасы сүрөттөлүп, тил жагынан айырмачылыктар бар экендиги белгиленген.

      Колониялык доордо кыргыздардын турмушун жакындан көрүп-билип, көптөгөн этнографиялык материалдарды жазып калтырган авторлордун бири – Г. Загряжский.55 Учурунда ал Токмок уездин башкарып, эл арасын көп кыдырган. Анын көлөмдүү макалаларында кыргыздардын турмушуна байланышкан негизги үч маселе сүрөттөлөт: биринчиси, кыргыздардын үрп-адаттары, диний ишенимдери; экинчиси, коомдук түзүлүшү; үчүнчүсү, кыргыздардагы салттуу сот системасы. Г. Загряжский «Быт кочевого населения долин Чуй и Сыр-Дарьи» аттуу макаласында кыргыздардын малга болгон мамилесин, малды багуу, асыроо, ар бир үй-бүлөнүн ичиндеги аткарган кызматын Чүйлүк солто уруусунун мисалында мүнөздөп кеткен. Макаласында ар бир үй-бүлөнүн өзүнө бөлүнгөн кызматы бар экендигин белгилейт. Маселен, ал: «Улгайган адамдар малды айдашат, кыгын тазалашат. Жаштары жылкыны, койду, төөлөрдү, ал эми аялдары болсо уйларды саашып, музоолорун карашып, сүттөн азыктарды жасоо менен алек болушкан» – деп жазат.56 Андан ары автор, кыргыздардын бир күндө жасаган ишине токтолуп кеткен. Алсак, автор белгилегендей эртең мененки тамактан кийин үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү өзүнө тиешелүү жумушту аткарууга киришет. Ал: «Аялдар малды саап, сүт азыктарынан айран, кымыз жасай башташат. Эркектер болсо устачылык жасоого киришет, колунан эч нерсе келбегендер мал кароого, аңчылыкка жөнөшөт. Жаш кыздар болсо өзүнүн себин даярдоо үчүн