Guldana Murzakulo

Türkiye'de Kırgız Araştırmaları


Скачать книгу

гана жарыялаган жана окурмандардан алыстаган тажатма басылмага айланган. Бирок 1909-жылдан тарта газета өзүнүн форматын, маани-маңызын өзгөртүп, кайрадан жандана баштаган. Газета өкүм сүргөн 1870-жылдын 28-апрелинен 1917-жылдын 15-декабрына чейинки аралыкта 6406 номерин чыгарган. Бул аралыкта газета беттерине кыргыз таануу маселелеринин ар кайсы аспектилерин чагылдырган тарыхый булакнаамалык маанидеги кызыктуу материалдар жарык көргөн. Алардын катарына кыргыздардын этнографиясына арналган Г.Загряжскийдин «Заметки о народном самоуправлении у кара-киргизов», «Киргизские очерки: аш или тризна по умершим», «Кара-киргизы», «Быт кочевого населения долин рек Чу и Сыр-Дарьи», «Русские поселки в Токмакском и Иссык-Кульском уездах», «Очерки Токмакского уезда»,28 «Алибай» деген псевдоним менен жазган И. Андреевдин «Алангасар и Алп», «Из долины – Сусамыра», «Ирчи», «Каракиргизские побасенки», «Манап и букара», «На северном рубеже Ферганы», «По верховью Таласа», (описание Гумбеза Манаса. Киргизские любовные песни об охоте), «Киргизские игрища», «Кызыл-кулак», «Туйгун», «Кара-киргизские съезды» ж.б.29 деген кызыктуу макалаларын кошууга болот.

      Газетанын активдүү корреспонденттеринин бири В.П. Наливкин болгон. Ал отставкага чыккандан кийин азыркы Аксы районунун борбору Каравандан 15-20 км алыстыкта жайгашкан Наманган уездине караштуу Наанай кыштагында жашап, жергиликтүү балдарды окутуп, кыргыз менен өзбек элинин турмуш-тиричилигин чагылдырган этнографиялык кызыктуу материалдарды жарыялаган. «Туркестанские ведомости» газетасы колониалдык бийликтин кызыкчылыгын чагылдырган официалдуу орган болгонуна карабастан, газета беттерине булакнаамалык мааниси жогору болгон материалдар жарык көргөн.

      Авторлордун ишмердигине анализ

      Россия тарыхнаамасынын өкүлдөрүнүн эмгектерине, көз караштарына тарыхнаамалык анализ берүүдө авторлордун билим деңгээли, адистик курамы, даярдыгы, социалдык тегин аныктоо маанилүү деп ойлойбуз. Россиянын чыгышка карай умтулуусу чыгыш таануучу адистерди даярдоону талап кылган. Бул максатты ишке ашыруу үчүн XIX кылымдын биринчи жарымынан тарта Россияда аскер жана граждандык окуу жайлары негизделе баштаган.

      а) Аскер-чыгыш таануучуларды даярдоо мекемелери.

      Аскер адамдарын даярдоо үчүн XIX кылымдын биринчи жарымында бир катар окуу жайлар ачылат. Алсак, Тышкы иштер министрилигини алдында, Азия департаментинде (1820-жылы) чыгыш тилдер бөлүмү ачылып, келечектиги аскер-чыгыш таануучулар даярдала баштаган. Азия департаментинин уюштурулушу менен Орто Азияга көптөгөн илимий экспедициялар жөнөтүлгөн. 1815-жылы Россиянын жогорку аскер башкаруу органы болгон Башкы Генералдык штабы түзүлөт. 1824-жылы Александр Iнин буйругу менен Оренбург шаарында Неклюев аскер училищасы, 1832-жылы болсо Императордук аскер Академиясы түзүлөт. Биринчи кезекте аскер Академиясы генералдык штабга кызмат кылуучу офицерлерди даярдаган.

      б) Граждандык окуу жайлар.

      ХIХ кылымдын биринчи жарымында