Guldana Murzakulo

Türkiye'de Kırgız Araştırmaları


Скачать книгу

баштаган. Россия тарыхнаамасынын Борбордук Азиядагы россиялык түркстан таануучуларынын ири илимий мектеби жаралган. Бул аралыкта түркстан таануу бир канча тармакта изилдөө иштерин жүргүзгөндүгүн эске алсак, анын багыттарынын ичинен «кыргыз таанууну» өз алдынча бөлүп кароо, ага илимий анализ жасоо мезгилдин талабы. Кыргыз таануу маселесин россиялык «түркстан таануу» тармагынын ичинде жаралган бир илимий багыт катары кароо керек. Кыргыз таанууга кыргыз элинин саясий, социалдык-экономикалык, маданий тармактары боюнча тарыхый булактык жана тарыхнаамалык-булактык мүнөздөгү россиялык түркстан таануучулардын изилдөөлөрүн атоого болот. Албетте, кыргыз таануу маселесин мындан да кеңири илимий изилдөөнү талап кылган объект катары кароо зарыл.

      Россия тарыхнаамасындагы «кыргыз таануунун» башаты

      XVIII кылымдын экинчи жарымынан XIX кылымдын башына чейинки мезгилдеги кыргыз таануу маселесинин жаралуусунун башатында турган авторлордун катарына П. Рычков, В.Н. Татищев, И. Андреев, Е. Тимковский, И. Бичурин ж.б. сыяктуу падышачылыктын өкүлдөрүн кошууга болот. Аталган авторлордун эмгектеринде кыргыздардын жашаган аймагы, алардын коомдук-саясий турмушу, «кара кыргыз» этнонимине байланышкан көз караштар сүрөттөлгөн. Маселен, илимий чөйрөгө кыргыздар туурасындагы алгачкы маалыматты белгилүү кылган авторлордун бири В.Н. Татищев жана П.И. Рычков болгон. Эки автор кызматы боюнча чогуу эмгектенишип, В.Н. Татищевдин П.И. Рычковдун көз карашына тийгизген таасири чоң болгон. Эки автордун кыргыздар туурасында берген маалыматы бири-бирине үндөш. Алсак В.Н. Татищев: «Алатай (Ала-Тоо) кыргыздар көчмөн жана күчтүү эл, Ташкенттин ары жагында, чоң казан ордосунан 5-6 күндүк узакта турушат, Ходжант (Хаджент) Наимачин (Наманган) жана Маджаландын (Маргалан) сейрек жүрүүчү жана таштуу тоолорунда жашашат»12– деп эскерген. Автордун андан ары берген маалыматында кыргыздардын жарымы Жунгар хандыгынын кол алдында, жарымы 30000 аскери менен аларга каршы турушат13. Кыргыздар туурасында илимий чөйрөгө биринчи болуп жарыялаган эмгек П.Н. Рычковдун эмгеги болуп саналат. Эмгек Оренбург губерниясынын «генералдык картасын» түзүүгө байланыштуу, губернияга чектеш Борбордук Азия аймагын изилдөөгө алган. Аталган эмгек эки бөлүктөн, 24 баптан туруп, Борбордук Азия элдери туурасында маалыматтар жазылган. Кыргыздардын жашаган аймагына токтолгон автор: «Ташкенттин ары жагы Ходжент, Наймаган (Наманган) жана Мадталан (Маргелан) шаарларында күчтүү жана көп сандуу кыргыздар бар, алар Алатау (Ала-тоо) аталган таштуу жана бийик тоолордо көчүп жүрүшөт. Ошол тоолордон улам, алар Алатай (Ала-Тоо) кыргыздары деп аталат»14– деп жазат.

      Кыргыздардын коомдук-саясий турмушун чагылдырган авторлордун бири И. Андреев болуп саналат. Анын эмгегинде XVIII кылымдын акыркы чейрегиндеги Тянь-Шандык кыргыздардын ички абалы, коңшу мамлекеттер менен болгон мамилеси ж.б. чагылдырылат15. Элүү жылдан ашуун Түштүк Сибирь