Guldana Murzakulo

Türkiye'de Kırgız Araştırmaları


Скачать книгу

администрациялык талантынын жок экендиги талашсыз эле».23 Ошол эле Г.П. Федоровдун эскерүүсү боюнча, М.Г. Черняев убактысынын көпчүлүгүн санаалаштары менен чогуу өткөрүп, үйүнөн алыс чыкпай ичкилик ичүү менен гана алек болгон. Демек, И.Г. Черняев крайдын келечеги тууралуу камкордук көрүү мындай турсун, айрым К.П. Кауфман тарабынан жасалган алгылыктуу иштерди кыйратуу жолуна өткөн. Маселен, Ташкент шаарында Кауфмандын демилгеси менен 500 миңдей китептери бар ар кайсы тармакты камтыган элдик китепкана түзүлгөн болчу. Көзүнө суук көрүнгөн китепкананы М.Г. Черняев ревизиялоого буйрук берет. Буйрук аткарылып, генерал-губернаторго китепканада Майн Риддин «Черная собака» жана «Желтая Пантерасынан» башка китеп окулбайт экен деген маанидеги маалымат берилет. Бул окуядан соң М.Г. Черняев «китептерди тез арада казармаларга жана госпиталдарга таркаткыла» деген буйругун чыгарат24. М.Г. Черняев тарабынан жасалган вандализмдин натыйжасында, бир жуманын ичинде элдик китепкана бош калган. Бирок көп өтпөй жаңы дайындалган генерал-губернатор Н.О. Розенбахтын буйругу менен китептер кайра кайтарылат. Ошентсе да 100 томдой китеп жок болуп кеткен.

      «Түркестан жыйнагынын» үстүнөн иштөө 1907-жылдан тарта кайрадан улантыла баштаган. Жыйнак боюнча түзүлгөн «Систематикалык көрсөтмөдө» белгилегендей, бул ишке алгачкы мезгилде Орто Азияны терең билишкен окумуштуу-чыгыш таануучулар А.А. Диваев, Н.Ю. Бонч-Осмоловский, А.А. Семенов, библиограф И.И. Гейерлер активдүү катышышкан. Натыйжада, 1907-1909-жылдары 127 том жарык көргөн. 1910-1916-жылдардан баштап бул иштин үстүндө А.А. Семенов иштеп, ал 48 томду даярдаган. Ошентип, көп жылдык эмгектин натыйжасында, 594 томдон турган Орто Азия тарыхы боюнча баа жеткис, өз ичине 3000ден ашык макалаларды, атайын эмгектерди камтыган сейрек кездешүүчү тарыхый жыйнак жаралган. «Түркестан жыйнагын» Кыргызстандын тарыхы боюнча ири көлөмдөгү тарыхый маалыматтарды өз ичине камтыган баалуу тарыхый булак катары кароо керек. Анткени бул жыйнакта Кыргызстандын жана кыргыздардын байыркы, орто жана жаңы доордогу социалдык-экономикалык, коомдук-саясий, руханий-маданий, диний жана табигый ресурстарын чагылдырган, табигый-географиялык, тарыхый-этнографиялык, археологиялык, нумизматикалык жана статистикалык ж.б. көптөгөн материалдар топтолгон. «Түркестан жыйнагында» турмуштук позициясы, саясий көз карашы, профессионалдык билим деңгээли боюнча айырмаланган авторлордун эмгектери берилген. Албетте, биз жогоруда белгилегендей, «Түркестан жыйнагына» негизинен орус тилинде жарык көргөн газета-журналдарга жарыяланган эмгектер топтолгон. Авторлордун дээрлик көпчүлүгү расмий курсту гана жакташып, империялык заказды аткарышкан. Падышачылык Россияда ал мезгилде цензура күчөп, массалык маалымат беттерине жарыяланган макалалар катуу көзөмөлгө алынган.

      Бирок, «Түркестан жыйнагында» империялык талаптарга багытталган эмгектер чогулганына карабастан, ал эмгектер маанилүү тарыхнаамалык булак болуп