Guldana Murzakulo

Türkiye'de Kırgız Araştırmaları


Скачать книгу

колдонууга аракет жасашкан. Алсак, В.Наливкин жергиликтүү элдин тилин билгенине байланыштуу эмгегин жазууда мусулман булактарына кайрылган. Ал эми В. Вельяминов-Зернов болсо Кыргызстандын аймагында болгон эмес, бирок Оренбург шаарында кызмат өтөгөндүктөн Кокон хандыгына байланышкан көлөмдүү очерктерди жазууда соодагерлерден, окуяга түздөн-түз катышкан адамдардан маалымат топтоп, архивдик материалдарды колдонуу менен бир канча эмгектерди жараткан.

      Аскер-чыгыш таануучулар: М.А. Терентьев, А.Г. Серебренников, Л.Ф. Костенко, М.И. Венюков, А.И. Брянов, Н.П. Корытов, А.Н. Куропаткин, А.И. Макшеев, К.П. Кауфман, Г.А. Колпаковский, Л.Ф. Костенко, Д.И. Романовский ж.б. Аталган авторлор региондордун топографиясын, картографиялык түзүлүшүн, согуштук процесстердин жүрүшүн, хронологиясын, материалдык-техникалык базаны жана адам ресурстарын изилдөөнү максат кылып коюшкан. Демек, алардын эмгектери аскер темасына гана багытталган. Аскер-чыгыш таануучулар өздөрүнүн социалдык теги боюнча баары дворяндардын чөйрөсүнөн чыккан. Окумуштуу Е.С. Сыздыкованын пикири боюнча «орус офицерлеринин дээрлик көпчүлүгүнүн ата-теги дворяндар болушкан»31. Тарыхый кырдаалга байланыштуу аскер-чыгыш таануучулар аскердик иш менен илимпоздук, чыгармачылык ишти бирдей алып барышкан.

      Орус саякатчылары: Ч. Валиханов, П.П. Семенов, А.В. Каульбарс, И.В. Мушкетов, А.П. Федченко, А. Голубев, Н.А. Северцов ж.б. Аскер-чыгыш таануучулардан айырмаланып, саякатчылар тарыхый-географиялык, тарыхый-этнографиялык, коомдук-саясий маселелерди чагылдырышкан. Ар кайсы кесиптин өкүлдөрү болушкан. Көбүнчө табигый, гуманитардык билимдин ээлери болушкан. Социалдык теги боюнча орус коомчулугунун ар кайсыл катмарынан чыгышкан.

      Колониалдык администрациянын чиновниктери: К.П. Кауфман, Н. Южаков, А.Н. Гродеков, Г. Загряжсжий, А.Г. Гейнс, К. Пален, Ф. Гирс, А.Н. Куропаткин, А.И. Брянов ж.б. бир топ аскер адамдары 1867-жылы Түркестан генерал-губернаторлугу түзүлгөндөн кийин крайга кызмат өтөө үчүн жиберилген. Алардын баары аскердик билимге ээ эле. Бирок баары эле согуштук иштерге катышкан эмес. Алар түздөн-түз крайда колониалдык бийликти жүргүзгөн падышынын адамдары болушкан. Ар кайсыл кызматтарды ээлешип, жергиликтүү элдин турмушунан түрдүү материалдарды жыйноого үлгүрүшкөн. Изилдөө объектиси согуштук темалар болбостон, саясий-экономикалык, административдик маселелер болгон. Крайдагы колониалдык бийликтин орношуна түздөн-түз кызмат кылышкан.

      Кыргыздардын коомдук-саясий турмушунун изилдениши

      Кыргызстандын Россияга каратылышы. Жалпы Түркстандын Россияга каратылышы (анын ичинде Кыргызстандын) аскер-чыгыш таануучулар М.А. Терентьев, К. Абаза, А.И. Макшеев, Л. Костенко, А.Г. Серебренников, М.И. Венюков32 жана башкалардын эмгектеринде сүрөттөлгөн. Алардын эмгектеринде орус аскерлеринин жүрүшү, ири шаарларды каратуу, элдин каршылык көрсөтүүсү сыяктуу конкреттүү тарыхый окуялар, мындан сырткары орус аскерлеринин саны, техникалык кубаттуулугу жөнүндөгү