Guldana Murzakulo

Türkiye'de Kırgız Araştırmaları


Скачать книгу

орнотот»34– деп белгилеген. Көпчүлүк авторлор Россия империясынын Орто Азияга жасаган согуштук аракеттерин актоо жана колониялык режимди жымсалдоо иретинде, күнөөнүн баарын жергиликтүү жашоочуларга оодарып, аларды «варварлар, караңгылар» деп аташкан.

      А.И. Макшеев, К. Абаза, М.А. Терентьев А.Г. Серебренниковдун эмгектеринде Кыргызстандын Россиянын курамына каратылышы боюнча окуялар хронологиялык иретте сүрөттөлгөн. Алсак, конкреттүү тарыхый фактыларды келтирүү менен Кыргызстандын түштүк аймагынын Россияга каратылышы А.Г. Серебренниковдун эмгектеринде кеңири чагылдырылган. Автор аскердик инженер катары 1876-жылы уюштурулган «Алай экспедициясына»35 катышкандыктан, анын эмгегинде конкреттүү окуялар, даректүү маалыматтар кеңири баяндалган. Каратып алуу процессине карата көп кырдуу көз караштардын өкүм сүргөнүнө карабастан, көпчүлүк авторлор саясаттын түпкү максаты басып алуучулук мүнөздө экендигин танышкан эмес.

      Кыргыздар жана Кокон хандыгы. Кыргыз элинин XVIII кылымдан XIX кылымдын 70-жылдарына чейинки тарыхы Кокон хандыгы менен тыгыз байланыштуу. Өзгөчө Фергана өрөөнүндө жашаган кыргыздар хандыктын калыптанышынан тарта жоюлушуна чейинки мезгилде активдүү роль ойноп келишкен. Кокон хандыгы боюнча маалыматтар алгачкы ирет орус саякатчылары, падыша тарабынан жиберилген өкүлдөр Ф. Ефремов, Ф. Назаров, Поспелов жана Бурнашев, Н.И. Потанин, В. Григорьевдин эмгектеринде сүрөттөлө баштаса36, кийинчерээк белгилүү чыгыш таануучулар В. Вельяминов-Зернов, А.П. Хорошхин, А. Кун, В. Наливкин жана башкалардын очерктери, көлөмдүү эмгектери, жарык көргөн. Бул эмгектердин негизги өзөгүн хандыктын саясий турмушу, отурукташкан калк менен көчмөн калктын ортосундагы саясий күрөш, ал күрөштөгү кыргыздардын ролу ж.б. саясий темадагы окуялар түзгөн. Хандыктын саясий турмушунан тышкары чарбасы, калкы, географиялык абалы сыяктуу маселелер козголгон.

      Кокон хандыгынын тарыхын изилдөөгө салым кошкон орус тарыхнаамасынын өкүлдөрүнүн катарына академик В.В. Вельяминов-Зерновду37 кошууга болот. Оренбургда кызмат өтөгөн автор беш жыл бою хандык тууралуу материалдарды жыйнаган. Ал: «Менин эмгегимдин негизи сурап-билүү аркылуу чогултулгандыктан, хандыктын бүткүл турмушун толук сүрөттөй албайм»,38 – деп эскерет. Ошого карабастан, автор макалаларында конкреттүү фактыларды келтирет. Алсак, «Сведения о Кокандском ханстве» деген макаласында шаар базарларындагы баалар, түрдүү товарлар, табигый кен-байлыктарды өндүрүү (алтын, күмүш, туз ж.б.) боюнча маалыматтарды берген. Хандыктагы калыптанып калган башкарууну «баш аламан башкаруу» катары баалаган автор системаны жөнгө салуу каражаттарынын бири болгон армиянын жана керектүү курал-жарактын жетишпегенин белгилеген.39 Автордун экинчи «Исторические известия о Кокандском ханстве от Мухаммед-Али до Худаяр хана» аттуу эмгегинде болсо, 1840–1850-жылдары хандыктын ичиндеги саясий окуяларды