Guldana Murzakulo

Türkiye'de Kırgız Araştırmaları


Скачать книгу

Султан мечитинин курулуш жазуусу жана кээ бир калдыктары табылган. Кыргыздар күмбөзү боюнча жазылган эмгектерде күмбөз «Ажы Жамаса күмбөзү», «Рейхан күмбөзү» жана «Кырк кыздар күмбөзү» деген аттар менен белгилүү болсо да, эң көп «Кыргыздар күмбөзү» деген аты менен таанылган. Жазууда курулуш тарыхы көрсөтүлбөгөндүктөн качан жана ким тарабынан курдурулганы белгисиз. Ичиндеги мүрзөлөрдө да дата берилбегендиктен кимдер үчүн курулганы да белгисиз болгон бул күмбөздөр боюнча негизинен эки гипотеза айтылып келет. Биринчи гипотеза боюнча күмбөз Изниктин алынышында шейит болгондорго арналып салынган. «Кыргыздар» аты 1325-жылы курулган Изник алынганга чейин ордо аты катары колдонулуп келген Орхон Казы мечити менен байланышы бардай.64 Экинчи гипотеза боюнча Кыргыздар күмбөзү Орхон Казы мечитинде кызмат өтөгөн орто азиялык олуялардын күмбөзү болуп эсептелет.65

      Эки гипотезанын бириккен жери, Баязыт Хан уулдары арасында такты талашы жүрүп, баш-аламандык өкүм сүрүп турган кезде жана Анадолунун алынышында Орто Азия калктарынын кошкон салымынын эске алыныш фактысы десек болот. Ушул пикир бизди туура жыйынтыкка алып барчудай. Анткени Осмон Дөөлөтүнүн курулушунда Орто Азиядан келген кыргыз, өзбек жана түркмөндөрдүн аябай чоң жардамы болгону белгилүү. Ал гана эмес XIV кылымдын биринчи чейрегине чейин Осмон Дөөлөтүндө алар өздөрүнүн уруу аттарын колдонушкан.66 Күмбөзгө «кыргыздар» атынын берилиши жогорудагы тарыхый маалыматтарга таянып түшүндүрүлөт. Күмбөздүн архитектуралык өзгөчөлүктөрүн изилдегенибизде ал жердин чынында эле XIV кылымдын биринчи чейрегинде курулганы анык болду. Күмбөздүн чептин сыртында, шаар борборунан узак, Орхон Казы мечитине жакын жерде жайгашуусу да күмбөздү аты аталган мечит менен бирге карап, жогорудагыдай дата беришибизге себепкер болду.

      Азыркы учурда Изниктин маанилүү көркөм жайларынан бири болгон кыргыздар күмбөзү көптөгөн жылдар бою каралбай, ал турсун кээ бир жагымсыз кийлигишүүлөрдү да башынан өткөргөн соң, акыркы жылдарда кайрадан эски стилине ылайык реставрацияланды. Күмбөз чамгарактуу негизги имараттан, түндүк тарабы дубал менен бириккен, айбанча аркылуу сыртка чыккан аркалуу кире бериштен турат.

      Күмбөз боюнча биринчи изилдөөлөр 1930-жылдарда башталган. Ал жылдарда күмбөздүн алды жагынын чыгыш дубалы гана ордунда эле. Ураган батыш дубалы менен алды жактагы айбанчанын бош калган жерине көрксүз дубал урулуп, күмбөздүн жыгылган чатырынын ордуна жыгачтан түз чатыр жасалып, кириш жагынын орто жерине төрт бурч эшик коюлган.67

      Киришинде мурун бир бешик арканын болгонун чамгарактуу имараттын түндүк тарабындагы дубалда көрүлгөн кемерден калган издерден байкасак болот.68 Азыр эски стилине ылайыкташтырылып, кайрадан реставрацияланган кириш бөлүмүнөн эки тарапка чыгып турган бурчтардын ортосундагы тегерек арка аркылуу сыртка чыгылат. Айбанча бешик сымал үкөкчө бөлүм аркылуу курулган. Бышкан кыштан жаа сымал жасалган кемер аркылуу тышка ачылган кириш бөлүгүнүн каптал жагынан чыгып турган калкан дубалдарынын бешик арканы тоскудай бийик болушу күмбөздү сөөлөттүү көрсөтөт.

      Күмбөздөгү чамгарактуу негизги имараттын чыгыш жана