Guldana Murzakulo

Türkiye'de Kırgız Araştırmaları


Скачать книгу

бөлүмүнө Византия стилиндеги таяк моюнтуруктуу, төрт бурчтуу мармар эшиктен кирилет. Ичинде төрт бурчтуу жерден сүйрү аркалуу бурч чамгарактар менен сегиз бурч чамгарактуу арка биригип, ортосу туюк аркалар менен сегиз аркалуу бир система жасалган. Чамгарак сегиз бурчтуу пьедесталдан үч бурчка айландырылган тeгерек негиз үстүнө жайгаштырылган. Чамгарак башталган жерде туюк кемерлүү терезелер, алкак бөлүмүндө болсо, төрт бурчтуу төрт терезе коюлган. Чыгыш жана батыш дубалдарында бири-бирине тушташ тегерек кемерлүү кең терезелерден жарык түшүп турган бөлүмдүн түштүк дубалында михрап73 катары колдонулган төрт бурчтуу узун бир нища, чыгыш дубалынын түштүк учунда болсо, мүрзөгө орун табыш үчүн кийинчерээк казылганы белгилүү жарым айлана түрүндөгү бир нища бар.

      Имараттын ичинин эң маанилүү жасалга өзгөчөлүгү өткөөл бөлүктүн үстүндө терезелердин айланасында, казанактагы терезелердин үстүндө жана чамгарактын ортосу менен этегинде калем менен сызылган кооздуктар болуп эсептелет.

      Күмбөз боюнча маалыматтар берген эски китептерде алкак терезелеринде пальма, чамгарак ортосунда жылдыз белгиси коюлган кооздуктардан сөз кылынат жана көбүнчө жогорку жактагы аркалуу терезелердин чиймелерине токтолушат.74 Бүгүнкү күндө жогору жактагы аркалуу терезелердин чиймелеринин бир аз бөлүгү гана сакталып калган. Башка жерлердегилери толугу менен жок болгон калем менен кооздолгон чиймелер XIV кылымдын биринчи жарымына тиешелүү деп саналат.75 Булар Осмон жасалга өнөрүнүн алгачкы дооруна тиешелүү өрнөктөр катары кабыл алынат.76 Ошондон улам да абдан маанилүү деп эсептелет. Реставрация учурунда сакталып калган калдыктарга карап калыбына келтирилген калем менен тартылган кооздуктар ар терезеде ар башка композицияга ээ. Чырмалышкан «руми» делген эки бөлөк оюунун, устун жана устун башы менен «хатайи» деген бутактар жана түрдүү ваза формалары түшүрүлгөн эки башка оюунун да түстөрү кара, кызыл, сары жана жашыл. Селчук жана Осмон искусствосунун алгачкы дооруна тиешелүү «руми» жана «хатайи» калем кооздоо мотивдери менен бирге устун, антик устун башы сыяктуу түрк искусствосуна жат мотивдердин болушу изилдөөчүлөр арасында кыйла кызыгуу жараткан.

      Бул Византия таасиринен кутула элек өткөөл доордун табигый жыйынтыгы болушу ыктымал. Балким кээ бир илимпоздор77 белгилеп кеткендей, имараттын курулушуна катышкан византиялык усталардын өнөрлөрү да болушу мүмкүн. Азыркы учурда чамгарактуу бөлүмдө жети, кириш бөлүмүндө бирдей чоңдуктагы алты сандука (табыт коюлган жайлар) бар. Булар жакынкы эле учурда бул жерге коюлганы көрүнүп турат. Эскиден чамгарактуу бөлүмдө жети чоң, бир кичине (наристе) табыт менен ар кыл көлөмдөгү сегиз мүрзө, кириш бөлүмүндө алты (кээ бир китептерде үч) кароосуз мүрзө бар экени жана мынчалык көп мүрзөнүн болушуна караганда күмбөз ээсинин таасирдүү бирөө болгонун изилдөөчүлөр жазып кетишкен.78 Бул материалдардын баарынан чыгарыла