Guldana Murzakulo

Türkiye'de Kırgız Araştırmaları


Скачать книгу

Стамбул, Анкара жана Измир шаарларында жарыяланат жана Түркиянын башка шаарларында китептер сейрек басылат. Бартольддун эмгегин жарыялаган «Кѳмен» басмаканасы 2018-жылы Белек Солтоноевдин «Кыргыз тарыхы» деген эмгегин эки том кылып жарыялаган.111 Солтоноевдин эмгеги Ататүрк университетинин доценти Майрамгүл Дыйканбаева тарабынан түрк тилине которулган.

      2003-жылы Аскар Акаевдин «Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана Манас» китеби Стамбул шаарында түрк тилинде жарыяланган. Китепти Салиха Ибрагимова, Эргешбай Рахманов жана Тугба Шимшек орус тилинен которушкан.112 Ушул эле жылы түрк окумуштуусу Октай Беллинин Кыргызстандагы балбал таштар боюнча китеби басылып чыккан.113 «Археология жана искусство» басмаканасынан чыккан китепте кыргыз тарыхы боюнча баалуу маалыматтар камтылган. Кийинчерээк бул темада Сервет Сомунжуоглунун «Саймалуу таш. Асман аргымактары (Saymalıtaş Gökyüzü Atları)» аттуу китеби жарыяланган.114

      2005-жылы Шурубү Ураимованын «Манас эпосундагы тарыхый катмарлар (Manas Destanı’nın Tarihi Tabakaları)» аттуу эмгеги жарык кѳргѳн.115 Бул монография Ураимованын 2001-жылы Эге университетинде жактаган доктордук (PhD) диссертациясынын китепке айландырылган варианты болуп эсептелет.

      2006-жылы Үчлер Орхон Булдуктун Кокон хандыгы боюнча маанилүү китеби басылып чыккан.116 Негизи Кокон хандыгы боюнча Түркияда жарыяланган китептердин саны кѳп эмес. 2016-жылы Динчер Коч орус булактарына таянып хандык боюнча ѳзүнүн эмгегин жарыялаган.117

      Кыргызстанда кандидаттык диссертациясын жактап келген тарыхчы Мустафа Калкан 2006-жылы диссертациясын түрк тилинде китеп кылып жарыялаган. Стамбулдагы «Селенге» басмаканасында басылган китеп, кыргыз тарыхындагы казак-кыргыз мамилелерин мыкты чагылдырган илимий эмгек болуп эсептелет.118 Мустафа Калкан белгилүү кыргыз тарыхчысы Ѳмүркул Караевдин «Түрктѳр жана каганаттары» китебин 2008-жылы түрк тилине которуп бастырган.119 Бул китеп байыркы жана орто кылымдардагы кыргыздар жана Кыргызстан тарыхы боюнча Түркияда жарыяланган эң маанилүү эмгектердин бири болуп калды.

      Мустафа Калкан сыяктуу Проф. Д-р. Анвар Мокеевдин жетекчилиги алдында кыргыз-кыпчак мамилелери боюнча Кыргызстанда кандидаттык диссертациясын коргогон тарыхчы Мехмет Кылдыроглу дагы ѳзүнүн диссертациясын 2013-жылы түрк тилинде Анкара шаарында жарыялаган.120 Кылдыроглунун бул баалуу эмгеги «Түрк тарых коомунун» басмаканасынан басылып чыккан.

      2007-жылы Виктор жана Ирина Бутанаевдердин Енисей кыргыздары боюнча китеби Стамбулда жарыяланган.121 Китепти кыргыз тилинен түрк тилине Яшар Гүмүш которгон. Аталган эмгек Енисей кыргыздары боюнча түрк тилинде жарыяланган алгачкы эмгектерден бири болуп эсептелет.

      2011-жылы тарыхчы Эбубекир Гүнгѳр Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде жазган магистрдик диссертациясын Стамбул шаарында китеп түрүндө жарыялаган.122 2013-жылы Гүнгѳрдүн Ишенаалы Арабаев боюнча даярдаган китеби жарык көргөн.123