Guldana Murzakulo

Türkiye'de Kırgız Araştırmaları


Скачать книгу

эли Россия империясынын кол алдында болуп, анын оторчул саясатын башынан кечирген кыйын учур болгон. Түркия Республикасы болсо жаңыдан түптөлүп, ушул мезгилден тарта түрк дүйнөсүндөгү элдердин тарыхына, тилине, адабиятына болгон кызыгуу жана изилдөө иштери Мустафа Кемаль Ататүрктүн демилгеси менен ишке ашырыла баштаган. Бирок бул мезгилде изилдөө иштери колго алынганы менен кыргыз-түрк мамилелери узун замандар бою бөлүнгөн абалда өнүгүшүнөн улам жеткиликтүү изилденбей келген. … Бул мезгил аралыгында Түркияда кыргыздар тууралуу изилдөөлөрдө «Манас» эпосу, кыргыз элинин этнографиясы, саякатнаамаларда кыргыздардын жашоо-турмушунун чагылдырылышы тууралуу маалыматтар басымдуулук кылган…».95

      1991-жылы Кыргызстан эгемендүүлүккө эгедер болуп, боордошу Түркия Республикасы менен тыгыз мамиле түзө баштагандан тартып, Түркия илим дүйнөсүнүн жана коомчулугунун Кыргызстанга болгон кызыгуусу өскөн. Ушунун натыйжасында Түркияда кыргыздар жана кыргыз тарыхы тууралуу илимий эмгектердин санында өсүш болгон. Кыргыз тарыхы боюнча атайын китеп жана монографиялар жазыла баштаган. Бул макалада дал ушундай китептер жана китеп котормолору тууралуу сөз кылмакчыбыз.

      Түрк тарыхнаамасында 1991 -2018-жылдар аралыгында кыргыз тарыхын изилдеген эмгектер тууралуу сөз

      Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында Түркияда Проф. Д-р. Мехмет Сарай кыргыз тарыхы боюнча китеп даярдаган. Мехмет Сарай кыргыз тарыхы боюнча жалпы жонунан эки китеп жарыялаган.96 Анын китептеринде кыргыз тарыхынын эски доорлордон бүгүнкү доорго чейинки тарыхы кыскача берилген. Сарай 2004-жылы жарык көргөн «Модерн Кыргызстандын жаралышы» аттуу китебинин аягына Кыргызстан-Түркия мамилелеринин тарыхын кошкон.97 Мехмет Сарайдын аталган китеби Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин (ТИКА) колдоосу менен басып чыгарылган.

      ТИКА Түркиянын Советтер союзу кулагандан кийин эгемендүүлүккө жеткен түрк тектүү мамлекеттер менен тыгыз кызматташтык түзүү жана аларга көмөк көрсөтүү максатынын негизинде 1992-жылы түзүлгөн эле.98 ТИКА 1995-жылы кыргыз тарыхы боюнча чакан китепче жарыялаган.99 Китепчеде Кыргызстан боюнча жалпы маалыматтар камтылган.

      1996-жылы Михаил Фрунзенин Түркияга байланыштуу эскерүүлѳрү Ахмет Экеш тарабынан которулуп жарыяланган.100 Михаил Фрунзе Пишпекте туулуп өскөн революционер эмеспи. Фрунзе Түркияда украиналык революционер катары белгилүү. Михаил Фрунзенин ѳмүр баянын изилдеген кыргыз тарыхчылары альтернативалык булак катары Түркиядагы Фрунзе боюнча изилдѳѳлѳргѳ кѳз жүгүртүшсѳ болот.101 Баса, Стамбулдун чок ортосунда жайгашкан «Таксим» аянтындагы эстеликте Ататүрктүн жанында турган аскер башчыларынын бири Михаил Фрунзе болуп саналат.

      2000-жылы Анкара университетинин профессору Саадеттин Ягмур Гѳмечтин «Кыргыз тарыхы» аттуу эмгеги «Акчаг» басмаканасында жарыяланган.102 Китепте Хун доорунан эгемендүүлүк жылдарына чейинки