Guldana Murzakulo

Türkiye'de Kırgız Araştırmaları


Скачать книгу

“Orhan Gazi Devrinde Mi’mâri”, Yıllık Araştırmalar Dergisi, I, Ankara 1957, s. 115-197.

      AYVERDİ, Hakkı Ekrem, Osmanlı Mi’marisinin İlk Devri, İstanbul 1966.

      DAŞ, Ertan, Erken Dönem Osmanlı Türbeleri, İstanbul 2007.

      DEMİRİZ, Yıldız, Erken Osmanlı Mimarisinde Süsleme, İstanbul 1979.

      EYİCE, Semavi, “İznik”, Sanat Tarihi Araştırmaları Dergisi, 1, İstanbul 1987, s. 65-116.

      GOODWIN, Godfrey, Osmanlı Mimarlığı Tarihi, (Orijinal baskı London 1971) İstanbul 2012.

      KALFAZADE, Selda, “Kırgızlar Türbesi”, Türkiye Diyanet Vakfı İslam Ansiklopedisi, c. 25, Ankara 2002, s. 445-446.

      OTTO-DORN, Katharina, DasIslamische İznik, Berlin 1941.

      ÖTÜKEN, Yıldız ve diğerleri, Türkiye’de Vakıf Abideler ve Diğerleri, IV, Ankara 1986.

      SÖZEN, Metin, “Anadolu’da Eyvan Tipi Türbeler”, Anadolu Sanatı Araştırmaları, I, İstanbul 1968, s. 167-209.

      TUNCER, Cezmi Orhan, Anadolu Kümbetleri 2 – Beylikler ve Osmanlı Dönemi, Ankara 1991.

      Türkiye’de Vakıf Abideler ve Eserleri, III, Bursa İl Merkezi, Ankara 1983.

      ÜLGEN, Saim Ali, “İznik’te Türk Eserleri”, Vakıflar Dergisi, I, Ankara 1938, s. 53-69.

      Түрк тарыхнаамасындагы кыргыз тарыхын изилдеген эмгектер (1991-2018-жылдар)

      Лейла Дервиш85

      Аннотация

      Советтер Союзу кулагандан кийин Түркия менен Кыргызстандын ортосунда тыгыз карым-катнаш түзүлүп, Түркияда кыргыз тарыхы, тили, маданияты боюнча илимий изилдөөлөрдүн жана котормолордун саны кескин өскөн. Макалада Түркия Республикасында 1991-2018-жылдар аралыгында кыргыз тарыхы тууралуу жазылып, басылып чыккан эмгектер жана кыргыз тарыхы темасындагы котормолор тууралуу сөз болот.

      Ачкыч сөздөр: Түркия, Кыргызстан, кыргыз тарыхы, түрк тарыхчылары

      Studies on the History of Kyrgyz in Turkish History (1991-2018 Years)

      Abstract

      After the breakup of the Soviet Union Turkey-Kyrgyzstan relations have developed, the number of scientific research on Kyrgyz history, language and culture, and translation has increased rapidly in Turkey. This article discusses the works written and translated works on Kyrgyz history between 1991-2018 in Turkey.

      Keywords: Turkey, Kyrgyzstan, The History of the Kyrgyz people, Turkish historians

      Алгы сөз

      Библиографиялык изилдөөлөргө караганда, Түркияда кыргыздар боюнча макалалар Осмон доорунун аяк ченинде жарыялана баштаган. 1910-жылы Абдүлкадир Инандын калемине таандык «Кыргыз бозкырларынан (Kırgız sahralarından- Aus den Kirgisischen Steppen)» аттуу макала Стамбул шаарындагы «Таарифүл Мүслимин» деген журналдын 12-санында жарык көргөн.86 Көпчүлүккө маалым болгондой эле, Абдүлкадир Инан (29.10.1889-26.07.1976) түрк калктарынын фольклору, диндери, тарыхы, филологиясы, адабияты жб. боюнча 350дөн ашуун илимий эмгек жазган белгилүү башкырт илимпозу болгон. Анын гезит-журналдарда басылып чыккан эң алгачкы 3 макаласынын бири, «Кыргыз бозкырларынан (Kırgız sahralarından- Aus den Kirgisischen Steppen)» болуп саналат.87 Аталган макала алгач Оренбург шаарындагы «Вакит» газетасында жарык көргөн. Стамбулдагы «Таарифүл Мүслимин» журналында анын кыскартылган варианты басылып чыккан. Хикмет Танйунун берген маалыматына караганда, Инан аталган макаласында казак-кыргыздар түшүмдү көп берүүчү жерлерге жайгашып, шаарчалар курушу керек деген пикирди айткан.88

      1922-1925-жылдары Али Рыза Сейфиоглу деген автор «Түрк йурду» журналынын 11-15-сандарында кыргыздар боюнча маалыматтарды камтыган макалаларды жарыялаган.89 Ушул эле жылдарда Хилми Зийа (Үлкен) өзүнүн санаалаштары менен биргеликте чыгарган «Михраб» жана «Анадолу межмуасы» деген журналдарына кыргыздар боюнча бирден макала жазган.90 Ал макалалар белгилүү түрк илимпозу жана философу Хилми Зийа (Үлкен)дин (1901-1974) илим жолундагы алгачкы макалаларынан болгон десек жаңылышпайбыз. Айше Тепебашынын берген маалыматына караганда,