and Kyrgyzstan have started to be established in all fields. The primary areas where the relationships are getting increased continuously are cultural and educational fields. Since Kyrgyzstan gained its independence in 1991, numerous studies have been mutually conducted in language and culture; books, theses, articles have been written and Kyrgyzstan has become one of the most studied field in Turkey. With the opening of the Turkic Dialects and Literatures departments in Turkey that offer courses on language, culture and history of Turkic nations, a large number of studies has been carried out in the field of Kyrgyz language. In this study, conducted with the aim of presenting thesis studies on Kyrgyz language carried out between 1990-2018, the studies about the Kyrgyz and their language, literature, history, culture so on were examined in general first and then the bibliography of the master’s and doctoral theses was presented.
Keywords: Kyrgyz Turkish, Theses, Turkey, Turkish bibliography.
Алгы сѳз
Аты б.з.ч. 201-жылы кытай жазма булактарында көрсөтүлгөн кыргыздар эң эски түрк урууларынын бири болуп саналат. Түрк уруулары кылымдар боюнча кээде чогуу, кээде жанаша, кээде башка биринин бийлиги алдында жашап, тарыхый окуялардын натыйжасында ар кандай аймактарга тарашкан.
Ошондой болсо да түрк урууларынын ортосундагы мамиле совет мезгилине чейин тигил же бул абалда уланып келген. Ал эми совет доорунда 70 жыл совет бийлиги карамагындагы түрктөр менен Түркия түрктөрүнүн ортосундагы мамиле түп тамыры менен үзүлгөн. Теги бир, тили бир болгон боордош элдердин түрк тектүү элдерден болгондугу унутулуп, уруу аттарын улут аты катары колдоно баштоо аркылуу толук түрдө башка улуттарга айландырылып, башкача айтканда ошондой болгонуна ишендирилген. Ошондой болсо да М. Горбачов совет бийлигине келгенден кийин башталган ачык-айкындуулук жана кайра куруу саясатынын артынан 1991- жылы СССРдин курамындагы түрк тектүү мамлекеттерден Кыргызстан (31.08.1991), Өзбекстан (01.09.1991), Азербайжан (18.10.1991), Түркмөнстан (27.10.1991) жана Казакстан (16.12.1991) мамлекеттери биринин артынан бири көз карандысыздыктарын жарыялап, чыгыштагы жана батыштагы түрктөр бири-бирин кайрадан тааный баштаган.
Кыргызстан-Түркия карым-катнаштары 1991-жылы башталган. Түркия, Кыргызстандын көз карандысыздыгын тааныган жана Кыргызстанда өз элчилигин ачкан биринчи өлкө болуп саналат. 1992-жылдын 29-январындагы протоколдун негизинде эки тараптуу элчиликтер ачылып саясий, маданий, экономикалык ж.б. ар кандай тармакта мамилелер тездик менен түзүлө баштаган. Кыргызстандын мамлекет башчысы Аскар Акаев 1991-жылдын 23-декабрында алгачкы расмий иш сапарын Түркияга жасап, ал зыяратта эки тараптуу бир топ кызматташууга кол койгон143. 1991-жылдын 25-декабрында «түрк-кыргыз ишкердик кеӊеши», ошондой эле Кыргызстанда иш алып барган ишкерлер жана өнөр жайчыларды бириктирүү максатында Бишкек шаарында «Кыргызстан- Түркия ишкерлер жана өнөр жайчылар бирикмеси» (KITİAD) түзүлгөн.144 Түркия 1993-жылдын 15-январында кол коюлган кредиттик келишимдин негизинде Кыргызстанга 75 млн доллар өлчөмүндөгү насыя берип, 50 миң тонна буудай гуманитардык жардам кылып, ТИКАнын Бишкектеги кеӊсеси ачылып, аталган уюм тарабынан Бишкек шаарында бир мунайзат бекети, 17 мекеме жана бир колдоо көрсөтүү кызматы тарабынан чакан бизнес сайты курулган. Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда 1991-жылдын 29-майында Анкара шаарында кол коюлган «Экономика жана соода-экономикалык кызматташуу боюнча протоколдун» негизинде башталган экономикалык жана соода-сатык мамилелер бүгүнкү күнгө чейин өсүп өнүгүүдө145.
Орток маданий мураска ээ болгон эки боордош өлкө катары Кыргызстан менен Түркия илимий, маданий мамилелерди да тездик менен чыңдай башташты. Бул багытта жаралган эң маанилүү долбоор, 1992-жылы кол коюлган эки тараптуу келишимдин негизинде