Guldana Murzakulo

Türkiye'de Kırgız Araştırmaları


Скачать книгу

А.Г. Хорошхин хандыкты башкаруу кыйын экендигин эскерип, акыркы 70-80 жыл аралыгында каза болгон, киши колдуу, буюртма өлүмгө учураган, качып кеткен хандарды тизмелейт46. Мындан сырткары автор хандыктагы салыктын түрлөрү, аскердик абалы, калктын саны тууралуу кызыктуу маалыматтарды келтирет.

      Жергиликтүү тарыхый булактардын негизинде Кокон хандыгынын саясий тарыхын чагылдырган авторлордун бири чыгыш таануучу В.П. Наливкин47 болуп саналат. В.П. Наливкиндин эмгеги Кокон хандыгынын 167 жылдык тарыхын гана чагылдырбастан, Фергана өрөөнүнүн байыркы, орто, жаңы доордогу тарыхын сүрөттөөгө аракет жасаган сейрек кездешкен эмгектердин бири болуп саналат. Автордун эмгегиндеги сүрөттөлгөн башкы маселе – хандыктын негизделиши, хандардын генеологиясы, «Алтын Бешик» легендасы, «хан сарайындагы» туугандык, куда-сөөктүк мамиле, «ордо төңкөрүштөрү», кутумдар, басып алуучулук согуштар ж.б. саясий мүнөздөгү маселелер. Автор эмгегинде өзгөчө Шералы, Кудаяр хандардын доорундагы саясий окуяларга басым жасаган. Так талашуудагы ички согуштарга мүнөздөмө берген автор «Кокон хандыгынын ички саясий турмушу тынымсыз кайталанып турган «ордо төңкөрүштөрүнө», кутумдарга, көтөрүлүштөргө, чыр-чатактарга, эки топтун ортосундагы күрөшкө жык толгон»48 деген бүтүмгө келген. Белгилей кетчү жагдай, автор хандыктын социалдык-экономикалык абалына көңүл бурган эмес. Ага карабастан Кокон хандыгынын саясий тарыхын толук чагылдырууга аракет жасаган В.П. Наливкиндин эмгеги бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн илимий баалуулугун жоготкон жок.

      Жыйынтыктап айтканда, революцияга чейинки Россия тарыхнаамасынын өкүлдөрү тарабынан Кокон хандыгынын саясий, социалдык-экономикалык абалын чагылдырган чакан макаладан тарта көлөмдүү эмгектерге чейин жарыяланган. Бул доордогу эмгектердин өзгөчөлүгү авторлордун дээрлик көпчүлүгү окуялардын түздөн-түз күбөсү болуу менен тарыхый баалуу материалдарды жазып калтырышканында болгон. Маалыматтарды топтоодо жергиликтүү соодагерлер, эл арасындагы молдолор кызмат аткарышкан.

      Кыргыздардын социалдык-экономикалык абалынын чагылдырылышы

      Кыргыз таануу маселесинин изилденишине салым кошкон россиялык түркстан таануучулардын катарына орус саякатчыларын кошууга болот. Россия империясынын кыргыздардын саясий, социалдык-экономикалык турмушуна карата болгон кызыгуусу күчөп, изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн падышачылык тарабынан иш-чаралар көрүлө баштаган. Илимий максатты ишке ашыруу шылтоосу менен Орус географиялык коому (РГО) тарабынан «илимий экспедициялар» уюштурула баштаган. Натыйжада 1856-жылдын май айынан баштап Кыргызстандын аймагына Ч. Валиханов, П.П. Семенов, Н.А. Северцов, А. Голубев, И.А. Бардашев сыяктуу саякатчылар келишип, кыргыздар туурасындагы маалыматтарды топтоп, Орус географиялык коомунун басылмаларына жарыялашкан. Аталган орус саякатчыларынын эмгектеринде кыргыздардын уруу-уруктук түзүлүшү, курамы, географиялык абалы, саясий абалы, социалдык-экономикалык мамилелери, чарбасы туурасындагы