Guldana Murzakulo

Türkiye'de Kırgız Araştırmaları


Скачать книгу

боюнча, айрым фактыларды архивдик материалдардын негизинде тактаган Д. Сапаралиевдин пикирин эске алуу зарыл20.

      Кыргыздардын коомдук түзүлүшүнө токтолгон автор: «Кыргыздарда хан, султан болбойт, Атаке аттуу бийи бар, согушка 50000 аскерди топтой алышат»,21– деп эскерет. Эмгекте кыргыздар (волостко) урууларга бөлүнөрүн, алардын башчыларын атап өтүү менен ошол эле учурда кыргыздардын айрым бөлүктөрүнүн Кокон менен Кашкардын ортосунда 5000 түтүнгө жакыны «бурут» деген ат менен көчүп жүрөрүн белгилеп өткөн22. Казак тилин жакшы өздөштүргөнү менен Кыргызстандын аймагында болбогон И.Г. Андреев кыргыздар жөнүндө тарыхый маалыматтарды кеңири бере алган эмес. Ошого карабастан XVIII к. экинчи жарымындагы орус тарыхнаамасында кыргыз менен казактын ортосундагы тилдик, адеп-ахлактык, жүрүм-турумдук жана диний жактан окшоштуктар бар экендигин белгилеп кеткен.

      Чагылдырылган басылмалар

      Каралып жаткан доордо кыргыз элинин тарыхы Россия тарыхнаамасында көлөмү, мазмуну, баяндоо ыкмасы боюнча ар кандай формада, жанрда изилденип жазылган. Алардын катарына күндөлүктөрдү, запискаларды, отчетторду, справкаларды, билдирүүлөрдү, мемуарларды, статистикалык, аскердик-топографиялык материалдарды, макалаларды, очерктерди жана атайын басылган эмгектерди кошууга болот. Ал материалдар көлөмү, мазмуну жагынан, баяндоо ыкмасы боюнча бири- биринен айырмаланат. Алардын дээрлик көпчүлүгү өз мезгилинде жарыяланган. Айрым материалдар архивдерде сакталууда. Революцияга чейинки авторлордун эмгектери жарыяланган басылмаларга төмөнкүлөрдү кошууга болот: 1) Орус Географиялык коомунун басылмалары болгон: «Записки РГО», «Известия РГО», «Вестник РГО», «Известия императорского РГО»; 2) Мезгилдүү басмасөз басылмалары: а) Борбордук басылмалар: «Русский Вестник», «Вестник Европы», «Военный сборник», «Современник», «Русский инвалид», «Голос», «Биржевые ведомости», «Голос» ж.б; б) Жергиликтүү басылмалар: «Туркестанская туземная газета» ж.б.; 3) Атайын басылган жыйнактар: «Туркестанский сборник». Собрание сочинений о Туркстанском крае вообще и сопредельных с ним стран Средней Азии —Т.Т. —1 —594 – Ташкент, 1868-1940. (текстте «Туркестан жыйнагы» деп берилет- Ж.А.); «Материалы для статистики Туркестанского края». Ежегодник. Вып.1-5.-СПб. 1872-1879; «Русский Туркестан. Сборник изданий по поводу политехнической выставки». – Вып. 1-3. – М. 1872. ж.б;

      4) Өз алдынча жарыяланган эмгектер. Революцияга чейинки өз алдынча басылган эмгектердин дээрлик көпчүлүгү Санкт-Петербург, Москва, Ташкент шаарларынан басылып чыккан. Ошондуктан революцияга чейин жарык көргөн эмгектердин дээрлик көпчүлүгү аталган шаарлардын китепканаларында жайгашкан.

      594 томдуу «Түркестан жыйнагы». Булакнаамалык жана тарыхнаамалык мааниси жагынан алып караганда колониалдык доордогу басылмалардын ичинен кыргыз элинин тарыхын чагылдырган эң маанилүү басылма-жыйнактын катарына «Түркестан жыйнагы» жана «Туркестанские ведомости» газетасын кошуу абзел. Аталган эки басылма-жыйнактын