Guldana Murzakulo

Türkiye'de Kırgız Araştırmaları


Скачать книгу

бирден көп башка түрк тилдери менен салыштырган түрдө даярдалган. Диссертацияларды университеттердеги кафедраларга карата бөлүп карасак, жыйырма бир доктордук жана кырк тогуз магистрдик диссертация Түрк тили жана адабияты кафедраларында даярдалган. Эң алгачкы диссертация 1994-жылы корголгон. Кыргыз тили боюнча эң көп диссертация даярдалган кафедралардын экинчиси – Азыркы түрк тилдери жана адабияттары кафедрасы.

      Аталган кафедра Түрк тили жана адабияты бөлүмдөрүнөн кийинчерээк ачылгандыктан кыргыз тили тууралуу даярдалган диссертациялардын саны боюнча экинчи орунда турат десек жаңылышпайбыз. 2018-жылга чейин Азыркы түрк тилдери жана адабияттары кафедраларында сегиз доктордук, он сегиз магистрдик диссертация корголгон.

      Калган аз сандагы диссертация чет тилдер кафедрасы, тил илими, араб тили, түрк тили, философия жана диний илимдер, Евразия изилдөөлөрү сыяктуу кафедраларда даярдалган. Алгачкы доктордук диссертация 2004-жылы, магистрдик диссертация 1997-жылы корголгон. Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер 1990-жылы башталып, алгачкы түрк тилдери кафедралары 1992-жылы ачылган. Магистратура жана докторантура программалары үчүн белгилүү окутуу мөөнөтү керек болгондуктан алгачкы диссертациялар 1994-жылдары корголо баштаган. Кайсыл университетте канча диссертациянын даярдалганын алып карай турган болсок, жалпысынан (доктордук жана магистрдик) 30 диссертация менен Гази университети алдыңкы орунда турат. Гази университетинде Түрк тили жана адабияты кафедрасынын тээ мурунтан болушу жана Азыркы түрк тилдери кафедрасынын дал ушул университетте биринчи ачылганы мында негизги фактор болгон. Азыркы түрк тилдери деген кафедрасы Түркияда экинчи болуп ачылган Анкара университетинде 11 диссертация даярдалган.

      Андан кийинки орундарда 6 диссертация менен Стамбул университети, 5 диссертация менен Эге университети турат. Мармара, Чукурова жана Фатих университетинде төрттөн диссертация, Мугла Сыткы Кочман, Фырат, Ондокуз Майыс, Хажеттепе, Бүлент Эжевит жана Эржийес университеттеринде үчтөн диссертация, Ататүрк, Йылдыз Текник, Орду, Карабүк жана Нигде университеттеринде экиден диссертация, ал эми Жумхуриет, Чанаккале, Онсекиз Март, Сакаря, Селчук, Истанбул Күлтүр, Памуккале, Кафкас, Йүзүнжү йыл, Ардахан, Улудаг, Газиантеп, Мимар Синан Гүзел Санатлар жана Кырыккале университеттеринде болсо бирден диссертация корголгон.

      Диссертациялардын 38 даанасы түрк тектүү мамлекеттерден келген студенттер менен башка чет элдик студенттер тарабынан даярдалган. Бул абал Түркиядагы билимге болгон кызыгууну көрсөтүп тургандыгы жагынан өтө маанилүү. Калган 70 диссертация Түркия Республикасынын жарандары тарабынан даярдалган. Изилденген темалар кыргыз тилинин жалпы грамматикасы ж.б. грамматикага байланыштуу темалар. Жардамчы этиштер, татаал этиштер, чак категориясы, лексикалашкан татаал этиштер, этиштин мамилелери, зат атоочтор, жер аттары, өсүмдүк аттары, түс аттары, тактоочтор, атоочтор, сөз түркүмдөрү, лексикология, киринди сөздөр, синтаксис, фразеология, макалдар, фонетика, тыбыштык өзгөрүүлөр, мүчөлөр, этимология, диалектология жана котормо сыяктуу темалар изилденген. Библиографиялык изилдөөлөр бир өлкөдө белгилүү бир темада жаралган маалымат жыйындыларын, басымдуу болгон багыттар менен аймактарды, окумуштуулар курамын жана изилдене элек болгон багыттарды чагылдырып