Guldana Murzakulo

Türkiye'de Kırgız Araştırmaları


Скачать книгу

түрк элдеринин маданиятына, адабиятына, тарыхына жана искусствосуна байланыштуу көптөгөн иш-чараларды аткарып, өткөрүп келүүдө. Кыргызстан менен байланыштуу иштердин координатору – акын Кожогелди Култегин. Ал жалпы пландагы иштерди ийгиликтүү аткаруу менен бирге өзүнүн чыгармачылыгын да улантып келүүдө. Ушул китептеги ырлардын көпчүлүк бөлүгү Түркияда жазылганы менен айырмаланат. Бул эмгек – акындын Түркияда жарык көргөн алгачкы ырлар китеби. ТҮРКСОЙ тарабынан 2018-жылы жарык көргөн.

      1.21. Türk Dünyası Masalları Dizisi (Түрк дүйнөсүнөн жомоктор) – Мезгил Исатов.

      Мезгил Исатов тарабынан даярдалып которулган кыргыз жомоктор китеби Түрк дүйнөсүнөн жомоктор сериясынын курамында, «Гендаш» басмасынан 2004-жылы басылып чыккан. Кыргызстан эркиндигин колуна алгандан кийин алгачкылардан болуп которулган китеп болуу менен айырмаланат.

      1.22. Kırgız Masalları (Кыргыз жомоктору) – Зекерия Карадавут.

      Кыргыз элинин элдик маданий байлыктарынын бири – элдик жомоктор. Бир нече жомоктон түркиянын эл жомоктору менен болгон окшоштуктарды тапса болот. Ушул китеп Зекерия Карадавут тарабынан даярдалып, «Көмен» басмаканасынан 2006-жылы жарык көргөн. Китепте кыргыздар, кыргыз жомоктору жөнүндө жалпы маалыматтар берилип, алардын өзгөчөлүктөрү, айтылуу ыкмалары, мазмундук өзгөчөлүктөрү, мотивдик түрлөрү боюнча бөлүнүшү тууралуу сөз болуп, мисал катары жомоктор берилген.

      1.23. Kırgız Masalları ve Efsaneleri (Кыргыз жомоктору жана уламыштары)– Дмитрий Брудный, Касымбек Эшмамбетов.

      Кыргыз адабияты уламыш жана жомокторго бай. Ушул китепте 87 жомок, 22 апендинин жоруктары, 41 уламыш орун алган. Кээ бир уламыштар жана жомоктордун бир нечеси түздөн-түз эл оозунан жыйналып алынганы жана биринчи жолу ушул китепте орун алышы менен айырмаланат. Кыргызстандын ушул түрдөгү эң көлөмдүү эмгеги деп бааланууда. Китептин котормочулары Женгиз Буяр жана Илмира Рагипова болуп, «Билге Күлтүр Санат» басмасынан жарык көргөн.

      1.24. Kırgız Мasalları (Кыргыз жомоктору) – Ахмет Али Аслан, Акылай Арапова.

      «Көмен» басмасынан жарык көргөн китепте, кыргыз элинин байыртадан келген маданий мурастарынын бири болгон жомоктордун айрымдарынын котормолору берилген. Кыргыз маданиятын Түркияда таанытуучу булактардын бири болгон китеп, Ахмет Али Аслан жана Акылай Арапова тарабынан которулуп, 2017-жылы жарык көргөн.

      1.25. XX. Yüzyıl Kırgız Edebiyatı Tarihi (ХХ кылымдагы кыргыз адабияты тарыхы) – Качкынбай Артыкбаев.

      Жазуучу ХХ кылымдагы кыргыз адабиятын ХХ кылымдын башындагы (1900-1917); Жаңы социализмге өтүү доорундагы кыргыз адабиятынын пайда болушу (1917-1940); 2-дүйнөлүк согуш жана андан кийинки доордун кыргыз адабияты (1941-1960); 1960-1980-жылдардын кыргыз адабияты; кайрадан түзүлүү жана капитализмге өтүү доорундагы кыргыз адабияты (1985-2000) деп бөлгөн. Эмгек адабият изилдөөчүлөргө, студенттерге арналган. Кыргыз адабиятын жана анын тарыхын үйрөнөйүн дегендер үчүн баа жеткис булак экенине шек жок. Китеп 2014-жылы Майрамгүл Дыйканбаеванын котормосунда «Беңгү» басмаканасынан жарык көргөн.

      1.26. Çağdaş Kırgız Öyküsü (Заманбап кыргыз аңгемелери) – Хүсейин Су.

      «Хеже»